Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Британиядагы шайлоодо Блэрдин партиясы жеңди


Дүйнө лидерлери Британиянын премьер-министри Тони Блэрди шайлоодогу 3-жолку жеңиши менен куттуктап жатышат. Бирок Блэрдин партиясы парламенттеги мурдагы орундарынын жарымын гана ээлей турганы айтылууда. Блэр өзү мындай жагдайга Ирактагы согуш таасир эткенине басым жасады:

-Шайлоодогу эң мыкты көрүнүш, бул элди аралап, апта сайын жаңы аймакка барып, калайык-калктын кебин угуп көп нерсени үйрөнгөнүңдө. Мен азыр үчүнчү мөөнөткө шайланган өкмөттөн эл эмнелерди күтүп жатканын билем деп айта алам.

Германиянын канцлери Герхард Шрөдер шайлоодогу жеңиши – бүгүн 52 жашка толгон Блэр үчүн эң мыкты белек болгонун белгиледи. Аңгыча шайлоодо утулуп калган Британиялык консерваторлордун лидери Майкл Ховард партия жетекчилигинен кетип жатканын жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG