Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Кофи Аннан Маскөөдө Жакынкы Чыгыш боюнча жолугушуу өткөрөт


Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 60 жылдыгы белгиленген учурда, дем алыш күндөрү Маскөөдө Жакынкы Чыгыш маселеси боюнча дагы жолугушуу өткөрүлөт жана ага Бириккен Улуттардын Баш катчысы Кофи Аннан катышат. Жыйынга АКШ, Орусия жана Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн жана Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вулфенсондун келиши күтүлүүдө. Маскөөдөн кийин Аннан Женевага барып, шаршемби күнү Нигерия менен Камерундун президенттеринин жыйынын өткөрөт. Бул эки өлкө ортосунда аймактык чатак бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG