Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Иракта улам жаңы террор аракети ишке ашырылууда


Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, кечээ Сувайра шаарында болгон жардыруудан 20 адам набыт кетип, дагы кырктай киши жараат алды. Анын алдында болсо Тикрит шаарында дагы жардыруу болуп, андан жети ирактык полициячы өлдү жана дагы сегиз адам жараат алды. Андан тышкары, Багдад шаарынын алдында өлтүрүлгөн 14 адамдын денеси таштандылар арасында табылды. "Ал-Жазира" сыналгысы болсо кечээ көрсөткөн видео тасмага караганда, ирактык согушкерлер Даглэс Вуд деген австралиялык жаранды барымтага алып, 72 сааттын ичинде Австралия өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүгө тийиш деген талап койду.

XS
SM
MD
LG