Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

ЖЕҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ: «КУРМАНБЕК БАКИЕВДЕН 50 МЛН. ДОЛЛАР ӨНДҮРӨМ»


Медицина илимдеринин доктору, белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин “Вечерний Бишкек” гезитинде берген интервьюсуна байланыштуу эл аралык сотко кайрылаарын билдирди. Назаралиев cотко Курманбек Бакиевден 50 млн. доллар айыппул өндүрүп берүү талабын коймокчу.

Жеңишбек Назаралиев 6-майда «Азаттыкка» берген интервьюсунда 29-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арызын жолдогондугун, ошол эле күнү «Вечерний Бишкек» гезити президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин интервьюсун чагылдыргандыгын билдирди. Анын айтымында, Бакиев интервьюсунда «кандайдыр бир үчүнчү күч бийликке умтулууда, алар кылмыш дүйнөсүндөгүлөр, наркобарондор» деп айтканы, президенттикке талапкерлигин койгон адамдардын абройуна шек келтирет. Ал ошондой эле Курманбек Бакиев Орусиянын президентинин администрациясына, «Назаралиев боевик, менин революцияма жармашып алып атын чыгаргысы келип жатат»-деп айтыптыр, мен ошол сөзүнө нааразымын деди.

- Мен 24-марттан кийин 10 күн өткөн соң Африкага эс алганы кеткем. Ал жерде жүрсөм Россиянын президенти Путиндин администрациясынан мага телефон чалып айтышты, “эгер мүмкүн болсо Курманбек Бакиев бизге телефон чалып айтып койсун Жеңишбек биздин командада”-деп. Анткени Путин кабыл алып калса пайдасы тийип калаарын билдиришти. Анан мен Курманбек Бакиевге телефон чалып айттым,”Курманбек Салиевич, эгер Москвадан байланышып калышса бир командадабыз, пкирлешпиз”-деп айтып коюңуз дедим. Эки күндө кийин Африкага Москвадан шашылыш телефонограмма келди. Анда Курманбек Бакиев “Жеңишбек Назаралиев боевик, ал мен жасаган революциядан атын чыгаргысы келип жатат”-деп айтыптыр.

-Сиз андан кийин Курманбек Бакиев менен жолугушуп, ошол айтылган сөздүн чын-төгүнүн сураштырдыңызбы?

- Африкадан келгенден кийин Курманбек Бакиев менен жолугуштум. Анын мамилеси башкача болуп калыптыр. Анан мен президенттике талапкерлигимди коем деп айтсам, шашпай кое тур -деди. Мен анын мамилесине түшүнбөй калдым

- Ал эми Курманбек Бакиев «Вечерний Бишкек» гезитиндеги интервьсунда Жеңишбек Назаралиев же анын медициналык борбору тууралуу кеп козгобондугун билдиргенибизде мындайча жооп узатты:

- Туура. Курманбек Бакиев ким үчүнчү күч экендигин такатап, анын атын толук телевидениеден чыгып айтсын же гезиттерге интервью берсин. Президентикке талапкерлигин кое турган адамдардан үчүнчү күч менминби же Оторбаевби,Темирбек Акматалиевби, Атамбаевби же Баяман Эркинбаевби? Ошол үчүнчү күчтү ачык айтып бетине койсун.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Абазбек Атаханов «Вечерний Бишкек» гезитине чыккан Курманбек Бакиевдин интервьюсунда президенттик талапкерлер тууралуу сын-пикир айтылбагандыгын, коомдо коррупция кылмышкерлик өсүп жаткандыгы жашыруун эместигин, Назаралиевдин пикири коомдогу өзгөрүүлөргө байланыштуу экенин билдирди:

-Демократиялык коомду 15 жылдан бери курабыз деп келбедикпи. Деклорация болуп келбедиби. Бирок 24-марттан кийин эл реалдуу демократияны тилекке каршы ар кимиси ар кандай түшүнүп жатпайбы. Жеңишбек Назаралиев жасап жаткан иштер, коомдун учурдагы баш кечирип жаткан кадамдарына туура келет.
Бул жерден жакшы же жаман деп айтуунун кажети жок. Бирок мен расмий түрдө айтып койушум керек. “Вечерний Бишкек” гезитиндеги президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин интервьюсунда Жеңишбек Назаралиев мырза жөнүндө бир да сөз айтылган эмес. Гезитте басылган материалда президенттикке талапкерлер тууралуу эч кандай сын пикир же жаманатты кылуу тууралуу сөз да болгон эмес.


Атаханов мындан сырткары алдыдагы президенттик шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй адилеттүү, таза шайлоо болоорун белгиледи.

Ал эми Жеңишбек Назаралиев президенттик шайлоо жана жаңы өкмөт тууралуу мындай пикирде:

-Чынында бийликти күч менен эле алмаштырып койдук. Жаңы кемсел кийгизгенибиз менен, кемселдин ичи чирип, жыртылып бүткөн. Эл болсо ушунун баарын көрүп, билип атат. Ал кайрадан эле Акаев болуп атат. Эгере бул жаңы бийлик ушундай иш жүргүзсө, көпкө чейин чыдабайт.

Ошондой эле Назаралиев маалымат каражаттары бир кишиге кызмат кыла баштаганына жана кадр маселесинде катачылыктарга жол берилип жатканына да токтолду.
XS
SM
MD
LG