Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН ЕВРОПА САЯКАТЫ ЛАТВИЯДАН БАШТАЛДЫ


АКШ президенти Жорж Буштун Экинчяи дүйнөлүк согуштун аякташынын 60 жылдыгына арналган Европа сапары Латвияга саякаты менен башталды. Бүгүн (ишембиде) ал Латвиянын ордо шаарында Балтика деңизинин чыгыш кыйырындагы үч жумурияттын мамлекет башчылары менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Президент Буш бүгүн кечинде Голландияга келет, андан соң анын сапары Орусия жана Грузия багытында улантылат. Ал эми Буштун Латвиядагы сапары балтикалык үч өлкөнүн мурдагы Советтер Биримдиги тарабынан кантип басып алынгандыгы тууралуу кайым айтышуулар күчөгөн кезеңге туш келди.

Латыштар АКШ президенти Жорж Уокер Бушту демократия үчүн күрөштүн каарманы катары урматтап тосуп алышты. Риганын аба майданында Латвиянын улуттук гимни аткарылып, ардактуу кароол тизилип турду.

Ал эми Риганын орто кылымдардан калган тарыхый чебиндеги салтанат маалында президент Бушка Латвиянын жогорку сыйлыгы – «Үч жылдыз ордени» тапшырылды.

Андан саал мурдараак латыш президенти Вайра Вике-Фрейберга (Vaira Vike-Freiberga) айым америкалык президенттин бул сапарына мындайча жогорку баасын берген:

- Балтикалык өлкөлөргө келүү менен, президент Буш, менин ишенимимде, бул тарыхый окуялардын маанисин ого бетер баса белгилеп жатат. Алтымыш жыл илгери, согуш аяктаган маалда, көптөгөн кишилер үчүн ал боштондукту туюнткан. Бул окуяга чындап кубангандар үчүн ал жеңишти туюнткан. Бирок башкалар үчүн ал кулчулукка да тете болгон. Ал – баскынчылык дегенди билдирген. Ал – баскынчылыкты жана сталиндик террорду туюнткан эле.

Президент Вике-Фрейберганын бул сөзү Жорж Уокер Буштун Европага иш сапарын тек гана фашизмдин жеңилишинин 60 жылдык мааракесине байланыштырып чектебестен, андан да кеңирирээк саясий окуялар кыртышына буруп койгонсуду.

АКШ президенти Буш орусиялык мамлекет башчы Владимир Путин менен алдыдагы жолугушуусу учурунда экинчи дүйнөлүк согуш Латвия, Литва жана Эстония үчүн эркиндик алып келе албагандыгын эскертүүгө ниеттенүүдө.

Балтикалык үч мамлекет Орусиядан Совет доорундагы зулумдук окуялар үчүн өздөрүнөн кечирим суроону талап кылууда.

Бул үч мамлекеттин башчыларынын ичинен латыш президенти гана дүйшөмбү күнү Маскөөдө боло турган Улуу Жеңиш Күнүнүн салтанатына катышмакчы. Литва жана эстон президенттери бул шаан-шөкөткө катышуудан баш тартышты.

Европа Биримдиги да президент Путинди экинчи дүйнөлүк согуш маалында жана андан кийинки доордо Советтер Биримдиги үч балтикалык өлкөгө келтирген зыянды моюнга алууга чакырды.

Бирок расмий Кремл бул доолорду четке кагууда. Президент Путин, өз кезегинде, Балтика өлкөлөрүн бир кезде айрым жергиликтүү калайык өкүлдөрүнүн нацисттер менен кызматташтык кылган учурун жаап-жашырууга аракеттенип жатат деп айыптап чыкты.

Демек, дал ушундай кырдаалда президент Буш үчүн Балтика боюндагы өлкөлөргө да колдоо көрсөтүү, ошол эле учурда, Маскөөдөгү салтанаттарга катышып, Орусия менен да тилектештигин айгинелөө милдети турат.

Америкалык Прогресс Борбору аттуу илимий иликтөө мекемесинин өкүлү Кен Гуд (Ken Gude) Буштун Орусияга жасачу саякатынын ролу жөнүндө мындай дейт:

- Экинчи дүйнөлүк согуш маалында биздин стратегиялык шеригибиз болгон Орусия эли нацисттерди жеңүү үчүн өтө оор курмандыктарга барган. Ондогон миллиондогон орусиялыктар бул жаңжал маалында өмүрүнөн айрылган. Американын жана башка ынтымакташтарыбыздын эч биримындай жоготууга учураган эмес. Демек, бул окуяларды эскерүү – президент Буш үчүн өтө олуттуу символдук ишаара болуп саналат. Бул кадам АКШ менен Орусиянын өз ара алакаларын кайрадан жылуу маанайдагы нукка салаары бышык.

Чынында да, Орусиянын Ирандагы өзөктүк программага кошкон салымы жана Кремлдин Сирия менен ага учактан коргонуучу ракеталык системаны сатуу тууралуу келишүүсү сыяктуу маселелер соңку учурда Вашингтон менен Маскөөнүн ортосунда чыңалууну пайда кылган эле.

Президент Буштун Европа саякаты Латвиядан соң Голландияга, андан соң Орусияга жана шейшемби күнү Грузияга улантылат. Президент Буш Грузиядан соң мекенине кайтып кетмекчи.
XS
SM
MD
LG