Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

АКАЕВДЕРГЕ ТИЕШЕЛҮҮ ҮЙЛӨР МАМЛЕКЕТ ЭСЕБИНЕ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун демилгеси менен журналисттер тобу 7-майда Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн салынган үйлөрдү кыдырды. Прокурордун милдетин аткаруучунун маалыматына караганда, бул үйлөр өлкө казынасынан мыйзамсыз бөлүнгөн каражатка салынгандыгы такталды жана анын баары жакын арада кайрадан мамлекеттин эсебине өткөрүлөт.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда, учурда мурдагы президент Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү делинген баш-аягы жүздөн ашуун ишканаларда текшерүү жүргүзүлүүдө. Анын ичинен Башкы прокуратура бүгүнкү күнгө карата мурдагы өкмөт башчынын буйругу менен берилген жыйырмадан ашуун ишкананы тактап, ал боюнча чара көрүүнү жаңы өкмөткө өткөрүп берди. Ошондой эле Аскар Акаевдин мезгилинде мыйзамсыз менчиктештирилген бир нече мекемелер кайра кайтарылды:

-Көптөгөн имараттар кайтарылууда. Мисалы, илимдер академиясына тиешелүү делинген эс алуу жайлар Кубанычбек Жумалиев, Аманбек Карыпкулов, Осмонакун Ибраимов жана башкалардын менчигине өткөрүлүп берилген. Текшерүүнү жыйынтыгында анын баары кайтарылды.

Азимбек Бекназаров мындан сырткары жакынкы жүз күндүн ичинде Аскар Акаевдин мезгилинде жасалган эң ири коррупциялык жана мыйзамсыз менчиктештирилген кирешелүү ишканалар боюнча текшерүү аяктап, коомчулукка маалымдаларын эскерте кетти. Бул күнү Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бекназаров баштаган журналисттер Аскар Акаевге тиешелүү делинген хан сарайдай салынган үч объектте болушту.

Адегенде журналистер Бишкектин чок ортосундагы, Москва-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерге салынган Аскар Акаевдин китепканасын барып көрдүк. Китепкана «Байтур» атуу курулуш ишканасы тарабынан эң кымбат баалуу жыгачтар менен кооздолуп салыныптыр. Курулуш материалдары менен түшүнүгү бар адамдар китепкананын экинчи кабатына чыга бериш жериндеги тепкичтердин ар бири эле эки жүз долларга бааланарын айтышты. Президентин иш башкармалыгынын жетекчиси Тыныбек Алыкуловдун айтымында, китепкананын биринчи бөлүгү 284 миң долларга бүткөрүлгөн. Ал эми экинчи бөлүгүн курууга 224- миллион сом каралган. Ошондой эле Тыныбек Алыкулов Акаевдин китепканасы үчүн Италиядан 222 миң евро акчага эмеректер сатылып алынганын жана анын баары поезд менен жолдо алынып келе жаткандыгын кошумчалады. Ушул эле күнү жүрналисттер буга чейин «МСН» гезити жазган Аскар Акаевге тиешелүү делинген хан сарайдай үйгө барышты. Тыныбек Алыкуловдун айтымында:

- Бул үйдү куруу 2002-жылы башталган. Курулуш Бишкек мэриясы тарабынан курулуп жаткан. Буга чейин шаар бюджетинен 72 миллион сом жумшалган. Жалпысынан үйдү толук курууга 478 миллион сом чыгымдалаары пландаштырылган.

Ушул эле күнү журналисттер Аскар Акаевдин Аларча эс алуу жайына салынган үйүндө болушту. Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Мамыркулов Кубулдун берген малыматына караганда, бул эки кабат үй Экология жана күтүүсүз кырдаалдар минстрлиги тарабынан курулуп, президенттик администрацияга өткөрүлүп берилген. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда, жогорудагы объекттердин баары жакын арада мамлекеттин эсебине өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG