Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаал курч бойдон калууда


БАТКЕН. 7-май күнү өзбек айылдарынын тургундары жолдорду жаап, кыргыз атуулдарын кайра кысымга ала башташты. Согмет айылынын тургуну Акылбек Матраимовдун билдиргенине карганда, 6-май күнү эл аралык толерантуулук үчүн коомдук фондусунун ортомчулугу менен Баткен облусунун жана өзбек бийлик органдарынын катышуусунда Хушяр өзбек айылы менен Согмент, Чарбак кыргыз айылдарынын аксакалдары чогулуп, бир ымалага келип, өзбек тарап жолду ачып берип, мындан ары тоспойбуз деп сөз беришкен. Көп өтпөй эле ошол эле күнү кечинде жолду кайрадан жаап салышкан. Эгерде жолду ушинтип тосо беришсе биз башка жол салып алышка муктажбыз. Жети күндөн бери уланып келаткан бул чыр-чатак мамлекеттик деңгээлде каралбаса, чоң жаңжалга айланышы мүмкүн, дейт өз сөзүндө согменттик Акылбек Матраимов. Азыр 24 саат бою эки тарапта жергиликтүү элди чек ара жана ички иштер башкармалыгынын жоокерлери күзөтүүдө.

XS
SM
MD
LG