Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Темир жолчулар ачкачылык акциясын улантышууда


БИШКЕК. 7-май күнү Бишкекте темир жол башкармалыгынын 14 жумушчусу ачкачылык акциясын улантты. 26-апрелден бери мындай акцияны өткөрүп жаткан жумушчулар өкмөттөн темир жол тармагында көп жылдар бою топтолгон маселелердин чечилишин жана тармактын жетекчилигине ага тиешелүү адистин дайындалышын талап кылышууда. Буга байланыштуу темир жол башкармалыгынын азыркы башчысы Нариман Тулеевди кызматтан кетирүү талабы да коюлуп жатат. 6-май күнү нааразылык акциянын катышуучулары менен биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов жолугуп, темир жолчулардын талабы премьер-министр Курманбек Бакиев Москвадан келгенден кийин, 10-майда чечилет деп маалымдады. Акциянын катышуучусу Эрнис Докеновдун айтымында бүгүнкү күндө ачкачылык жарыялагандардын ичинен бешөө саламаттыгы начарлагандыгына байланыштуу ооруканада.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG