Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Москвага кетти


БИШКЕК. 7-майда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев 8-9-майда Москва шаарында боло турган Улуу Ата Мекендик согуштун 60 жылдыгын майрамдоого жана КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин бейформал саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, Бакиев Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Курманбек Бакиев 6-майда Улуу жеңиш менен кыргызстандык согуш ардагерлерин жана калкты куттуктаган.

XS
SM
MD
LG