Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Өзгөчө кырдаалдар маселеси талкууланды


БИШКЕК. 7-майда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу жумушчу жыйынын өткөрдү. Жыйынга өкмөттүн тиешелүү министрликтери, облустардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Экология жана өзгөчө кырдаалдар, Унаа жана байланыш, Айыл чарба, Каржы министрликтери, курулуш департаменти өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, кийинки 5 жыл аралыгында табигый кырсыктардын саны өсүп, адам өмүрүнө залал келтирген. 2004-жылы 200дөн ашуун өзгөчө кырдаал болуп, кырсыктан 110 адамдын өмүрү кыйылган. 2005-жылы 4 айдын ичинде 60тан ашуун табигый кырсыктар катталып,16 адам набыт болгон. Ал эми 4-5-майда катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кызылкыя шаарында сел жүрүп 600 турак үйдү, эгин талааларын суу каптаган. 30дан ашуун турак үй керектен чыккан. Учурда кооптуу жерлерде жашаган адамдар жатаканаларга, коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Жыйында 2 миңден ашуун үй бүлө 24 миң сомдук жеңилдетилген ссуданы көп жылдан бери ала албай жүрүшкөндүгү айтылды. Ошондой эле май-июнь айларында табигый кырсыктар көп болуп, өзгөчө кырдаалдар түзүлүшү эскертилди.

Медетбек Керимкулов ар бир тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берип, аларды аткаруу үчүн өкмөт тарабынан катуу көзөмөлдөнөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG