Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Британияда Тони Блэр жаңы өкмөт түзө баштады


Лейбористтер партиясы 5-майдагы шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасында кайрадан көпчүлүк орундарды жеңип алган эле. Бирок бу жолу лейбористтердин мурдагы артыкчылыгы дээрлик эки эсеге азайды, деген менен Тони Блэр премьерлик кызматын сактап калганга толук мүмкүндүк алды. Мурдагы ички иштер министри Дэвид Бланкетт жаңы өкмөттө эмгек министрлигине коюлат, ал эми коргоо министри Жефф Хун өкмөттөн чыгат жана парламенттин төмөнкү палатасынын спикери болот. Шайлоодо экинчи орунду ээлеген консерваторлордун лидери Майкл Ховард кечээ партиялык кызматын өткөрүп бере тургандыгын жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG