Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Пхеньяндын пландарына Киото саммитинде да кооптонуу айтылды


Бул жерде эки күндүк жыйын өткөргөн азиялык жана европалык өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Түндүк Кореяны тез арада алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайтканга чакырышты. Япониянын тышкы иштер министри Нобутака Матимура сүйлөшүүлөр он айдан бери өтпөй калганын, бул учурда Пхеньян атомдук курал жасоону улантып келгенин өзгөчө тынчсыздануу менен белгиледи. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Бан Ки-Мундун айтымында, кырдаал өтө кыйын өңдөнүп турса да жыйынга катышкандардын көбү сүйлөшүүлөр үчүн али мүмкүнчүлүк бар деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG