Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

К. Бакиев экс- президенттин кайтып келишине каршы


БИШКЕК. Кыргызстанда 10- июлга белгиленген президенттик шайлоодо адилет ачык жана таза күрөш болот. Мындай билдирүүнүн президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Москвада Интерфакс агенттигинде берген пресс- конференцияда жасады. Орусиялык жана эл аралык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Курманбек Бакиев президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлерге токтолуп, алардын арасынан Феликс Кулов татыктуу жана президенттик таймаштын көркүн чыгара турган адам деп белгиледи.
Курманбек Бакиевдин пикиринде, учурда экс- президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келишинин кажети жок. Ал эми президенттин үй-бүлөсүнүн мүлкүн атайын комиссия текшерип атканын айтып, эгер мыйзамдуу болсо азыркы өкмөт алардын мүлкүн тартып алуу ою жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG