Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:27

ТАЛАПКЕРЛЕР КӨП – ОРУН БИРӨӨ


Президенттикке талапкерлердин саны күн санап өсүүдө. Тил комиссиясы алардын мамлекеттик тилди билер-билбесин текшерүүгө киришмекчи. Андан соң жер-жерлерден 50 миң шайлоочунун колун топтоо жумушу, артынан шайлоо үгүтү турат. Шайлоочулардын көбүнүн колдоосуна ээ болгон талапкерге оголе жооптуу милдет жүктөлөт.

24-мартта бийлик ойдо жок жерден оппозициянын колуна тийгенден бери ким президент болору көпчүлүктүн көңүлүн бурган негизги суроо бойдон калууда. Суроонун артынан активдүү аракеттер да башталган. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун пикири боюнча, ушу тапта айтылган сөз, жасалган аракеттердин артында шайлоо кызыкчылыгы башбактап турат:

- Жакшылап анализдеп карасак, ошол пикирлердин көбү белгилүү бир адамдардын, белгилүү бир топтордун кызыкчылыгы үчүн айтылганын баамдайбыз. Бу бийлик деген ар дайым элдин кызматында турган орган болуш керек. Биз ошону Конституцияны кайра-кайра өзгөртүп отуруп колдон чыгарып жибердик. Биринчи иреттте ушу Конституцияны сакташыбыз керек.

Жаңы өкмөт президент шайлоо калыс, адилет өтөрүн ырастоодо. Ойлонткон нерсе эле шайлоодо утулуп калган талапкерлер артынан сүрүлтүп жактоочуларын көчөгө алып чыкпайбы суроосу. Анын үстүнө бул ирет да оппозиция ичара ымалага келе албай шайлоодо бөлүндү-жарынды болуп чыгууда. Кандайынан келгенде да, парламент депутаты Кубатбек Байболовдун ырасташынча, шайлоочулардын талапкерлерден күткөн үмүтү бирөө гана:

- Азыркы шайлоо боло турган учурда ар бир шайлоочу кайсыл күчтөргө добушумду берип, кайсы күчтөргө жардам берейин деп, кимиси кандай күчтөргө добушун бергиси келгенин билгиси келип жатат. Атүгүл биз, депутаттар да, кайсы күчтөргө добуш берели, кимдерге жардам берели, ким кандай өзгөртүүлөрдү жасайт, ошолорго ыктайлы деген суроого бүгүнкү күнгө чейин жооп ала албай келатабыз.

Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев президенттикке талапкер ириде Атамекенин баарынан жогору койгон патриот, анан да эне тилин мыкты билген, аны дайыма кадырлап-кастарлап жүрчү атуул болуш керек дейт:

- Президентибиз буяктан сүйлөй берсин элибиз түшүнбөйт деп. Бирок Кытайга барса деле орусча сүйлөйт, Америкага барса деле орусча сүйлөйт. Мен көрүп жүрөм Грузияда, Арменияда орусча сүйлөшпөйт. Украинада болсо бир ооз орус сөзүн кошушпайт. Ошон үчүн улуттук тилде сүйлөсө деп Конституцияга киргизип коюш керек. Президент болом дегендерге экзамен эле бердиртпей, сүйлөтүп да коюш керек.

КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа эларалык өнөржайчылар жана ишкерлер конгрессинин вице-президенти, президенттикке талапкер Акбаралы Айтыкеевдин ырасташынча, мамлекет башчысы эне тилин мыкты билиши керек.

- Мыйзам бардык жарандарга тең. Тил комиссиясы, Жогорку Кеңеш тактаган тилди билет-билбейт деген жобосу менимче, анчалык деле татаал эмес. Президент болом деген киши эне тилин так билиш керек. Жакшы билиш керек. Анан алыскы Алайга же дагы бир айылга барып алып туруп эл менен котормочу аркылуу сүйлөшөбү. Президент деген элдин жумушун аткара турган инсан, элдин тилин да, дилин да биле турган инсан болуш керек.

Саратан жайга туш келген президент шайлоого чет жерде иштеп жүргөн боордошторубуздун, жайкы каникулга тарачу студенттердин кандай катышары ушу тапта такталууда. Айрым адистердин ырасташынча, Кыргызстанда адилет, калыс президент шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Непадам, ал чынга чыкса өлкө акыйкатта да демократия жолуна түшкөнүн көрсөтөрү анык. Анткен менен, буга чейин болуп келгендей бийликтин сөзү менен иши эки ачакей чыгып калса элдин 24-марттан берки бүлбүл үмүтү «жалп» өчүп калышы оңой эле.
XS
SM
MD
LG