Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

ПАСПОРТ КРИЗИСИ КӨПКӨ СОЗУЛЧУДАЙ


Учурда Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин бири - паспорт маселеси. Быйыл орто мектепти 90 миңге жакын окуучу бүтүрүп, алардын баары паспорт алууга муктаж. Ал эми ар кандай маалыматтар боюнча кыргызстандык 150 миңден 300 миңге чейинки адамдын паспорту жок. Айрыкча бул маселе туристтик фирмалардын ишине кедерги болуп, олуттуу проблемаларды түзүүдө.

Кыргызстандыктарды улуттук паспорт менен камсыз кылуу маселеси 28-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда талкууланып, депутаттар жаңы өкмөттөн паспорт маселесин тез аранын ичинде чечүүсүн талап кылышкан.

29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары мурдакы парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын 2004-жылдын 31-декабрындагы токтомунун бир дагы беренеси аткарылбаганын айтышып, жаңы өкмөттү бул маселеге көңүл бурбай жатканы үчүн сынга алышкан.

6-майда жаңы өкмөттөн алынган маалыматка караганда, учурда Молдовиялык «Регистру» фирмасы утуп алган тендердин жыйынтыгын кайра карап чыгуу, жаңы берилүүчү паспорттун мөөнөтүн узартуу, паспорту жокторго атуулдугун күбөлөндүргөн күбөлүк берүү боюнча долбоор даярдалууда. Паспорт маселесин чечүү багытында 3-4 күндөн кийин өкмөттүн токтому чыгышы күтүлүүдө.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстан атуулдарынын паспорту тууралуу парламентте атайын мыйзам кабыл алып, мыйзамдын негизинде жаңы паспорт чыгаруу сунушун айтты:

-Паспорт маселесин Кыргызстандын жарандарынын пайдасына чечүү абдан кыйын. Биринчиден бул үчүн Кыргызстан чоң суммадагы акча каражатын төлөөсү зарыл. Ал акча азыр жок. Экинчиден паспорттордун наркы өтө эле кымбат. Аны төлөп алууга биздин жарандардын көпчүлүгүнүн чамасы келбейт.Үчүнчүдөн паспорттордун мөөнөтү реалдуу эмес. Менин оюмча Кыргыз Республикасынын паспорту жөнүдө Жогорку Кеңештен атайын мыйзам кабыл алуу керек. Ал мыйзам долбоору даяр. Анда паспорттор кайсы жерде, кимдер тарабынан даярдалышы, кимдерге, кандай шартта берилиши толук көрсөтүлгөн.

Учурда 150 миңден ашуун атуул 1995-жылы алган паспортун жаңыга алмаштырууну күтүп атышат. Андан тышкары быйыл орто мектепти бүтүп жаткан 90 миңден ашуун бүтүрүүчүгө паспорт берүү керек болсо, былтыртан бери паспорт албаган жана паспортун жоготуп алган 150 миңге чукул адам бар. “Кыргызконцепт” компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиевдин пикиринде паспорт кризиси адам укугун, эркиндигин тебелегендик болуп эсептелет:

- Паспорт кризиси түздөн-түз биздин атуулдардын укугуна, эркиндигине тоскоолдук кылып жатат. Өзгөчө чет мамлекеттерден окуйм дегендердин, сырттан соода-сатык кылам дегендердин жолун бууп салды. Туристтик тармактагы ишканалар бул тоскоолдуктан зыянга учурап келатышат. Бул азыр болуп жаткан көрүнүш эмес. Бул паспорт системасын коррупцияга айландырган кандайдыр бир ууч адамдардын өз кызыкчылыгын көздөп, жалпы элдин эркиндигин басмырлаган көп жылдан берки иши.
Эмил Үмөталиев паспорт берүү коррупция менен коштолуп, бул тармакта пара алуу терең тамыр жайганын белгиледи жана жаңы өкмөттүн бул маселени тез арада чечпей жатканына да көңүл бурду:

- Паспортко байланыштуу коррупция тамырын тереңге жайып жиберген. Мында көп адамдардын кызыкчылыгын коргогон тымызын аракеттер бар. Болгондо да ал адамдар уюткулуу орундарда иштейт. Мисалы, тартип коргоо органдарында, консулдук кызматтарда, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик бийлик бутактарында иштешет. Булардын кызыкчылыгына бөгөт коюп, ишти оң чечүү оңойго турбайт. Жаңы өкмөттүн паспорт кризисинен эртең эле чыгара коебуз дегени, чындыкка коошпойт.

Айрым маалыматтарга караганда, учурда кыргызстандык 300 миңден ашуун адам паспорт алууга муктаж.

XS
SM
MD
LG