Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

ӨМҮРДҮН ӨЧПӨС БАРАКТАРЫ


Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы ооруктагы оор турмушту өз көзү менен көрүп, башынан өткөргөн айылдагы жеңелеринин, эжелеринин жана жоокерлердин бири-бирине жазышкан каттарын окуп өскөн 75 жаштагы эл артисти, профессор Гүлшара Дулатова “Азаттыкка” маек куруп, ошол оор күндөрдү эскерди.

- Гүлшара эже “Өлбөгөн адам жазды көрөт!” дегендей Улу Жеңиштин 60-жылдыгын көрүп, майрамдап турабыз. Өткөн кылымдын 40-жылдарында өзүңүзгө окшогон көптөгөн кыргыз кыздарынын жалындаган жаштык кездери Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында өтүптүр. Башыңыздан ооруктагы оор турмуштарды да өткөрүпсүз. Өз көзүңүз менен ыйык мекенди коргоого аттанышкан жоокерлерди да көрүпсүз. Жеңелериңиздин, эжелериңиздин кандуу майданда салгылашып жаткан жоокерлерге жазган катарын да окупсуз. Эгерде эсиңизде болсо ошолордон айта отурсаңыз.

- Мен сенин сурооңо жооп берүүнүн алдында согуш мезгилиндеги айыл турмушунан кабар бере кетейин. Оорукта турмуш өтө оор болду. Ачарчылык белден басса да, өлүм-житим көп болсо да, жаш, кары дебей жеңиш үчүн күнү-түнү иштедик. “Айтса арман көп” дегендей согуш күндөрүндөгү айыл турмушун айта берсек сөз да, убакыт да жетпейт. Менин жеңелерим аскерде жүргөн жигиттерине каттарды уйкашса да, уйкашпаса да ыр менен жазышчу. Аларды көп жолу уктум. Алардын айрымдарын шак жаттап алчумун. Ошондогу эсте калгандарынан айтып берейин. Ал каттар мындайча эле:

Күнүгө ойлоп сагындым,
Күйүттүү курган жарыңмын
Күйгүзбөй келер бекенсиң,
Күмүштөй болгон жарыгым?
Биринчи менин арманым,
Кетериң билип барбадым,
Кол кармашып коштошуп,
Колуңдан кармап калбадым – дегендей маңыздагы арман ырлары эле.

- Гүлшара эже, жоокердин сүйгөнүнө жазган жооп катынан эсиңизде болсо айтып берсеңиз.

-Кандуу майданда жүргөн жоокер болсо:
Айнектей жарым ак селки,
Айылда бирге окушкан,
Ардактап жарың кат жазат,
Айгышкан согуштан.
Автомат болуп куралым,
Алыста посто турамын,
Атыңдан тайбай эмгек кыл,
Согушта менин сурарым.
Өзүндөй курбу жаш менен
Эмгекте ойноп күлгүнүң,
Алыста жүргөн мен үчүн,
Эмгекти качпай сүйгүнүң – деген шекилдүү каттарды жазуучу.

- Гүлшара эже өзүңүздүн алгачкы артисттик чыгармачылыгыңызды 1946-48-жылдары Кыргыз Улуттук филармониясынын хорунда ырчы болуп иштөөдөн баштапсыз. Мүмкүн болсо ошол кездерде ырдап жүргөн ырларыңыздан бир-эки шиңгил аткарып берсеңиз.

-Ырдаса ырдап берейин. Менин жаш кезден сүйгөн ырым элдик ыр “Паризат” эле. Үнүм жок болсо да жаштык кезди эстеп, ырдап берейин.

Ачылышың ак майдын ой,
Козосундай Паризат ой,
Мас кылышың кең чангет ой,
Бозосундай Паризат ой,
Паризат ой, паризат оо-ой,
Даричаңдан кол узат ой.

- Сиз элүү жылга жакын Кыргыз Улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы Академиялык драма театрында иштедиңиз. Ондогон ар түрдүү драмалык, трагедиялык, сатирикалык жана комедиялык пландагы каармандардын образдарын сахнага алып чыктыңыз. Алардын ичинен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолундагы” Толгонайдын монологун кудум турмуштагыдай өтө жогору чеберчиликте аткарып жүрөсүз. Улуу Жеңиш майрамынын урматына монологду аткарып берсеңиз.

- Аткарса аткарып берейин. “Бүгүн менин сыйлуу күнүм, бүгүн менин Субанкулду, Касымды, Майсалбекти, Жайнакты, Алиманды эстеген күнүм. Мен аларды өлөр-өлгөнчө унутпаймын э-э, асманда жаркыраган күн, жер кыдырып сен айткын! Ээ, сапар баскан булут, нөшөрлөнө төгүлүп, ар бир тамчың менен сен айткын!”.

-Гүлшара эже баардашуубуздун соңунда Улуу Жеңиштин 60-жылдык майрамына карата кыргыз калкына, ардагер жоокерлерге кандай каалоо-тилектерди каалар элеңиз?

-Элиме ар дайым тынчтыкты, токчулукту, согуштун ардагерлерине чың ден-соолукту каалайм.

- Ырахмат. Майрамыныз кут болсун, ар дайым сак саламатта болуңуз!
XS
SM
MD
LG