Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

ЧОЛПОНБАЙДЫН ЭРДИГИ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхында өзгөчө орунда турат. Денеси менен дзотту жаап курман болуп, чабуулга жол ачуу эрдигин Чолпонбайдан кийин кайталоо кийин көбөйгөн.

Денеси менен дзотту жаап курман болуп, чабуулга жол ачуу эрдигин Чолпонбай 1942-жылы 6-августта Воронеж облусунун Лескинский районунун Селявной айылында жасаган. Воронеж фронтунун 6-армиясындагы 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун жоокери Чолпонбай Дон дарыясынын оң жээгине сүзүп чыгып, 120 метрдей бийиктиктеги дөңсөөдө тынбай ок бүркүп жаткан дзотко граната ыргыткан. Бирок дзот жарылган эмес. Жарадар болгон Чолпонбай кыйынчылык менен жылып жетип, денеси менен дзоттун оозун басып жыгылган. Бул эрдиги үчүн ага 1943-жылы Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген. Чолпонбайдан кийин мындай мүнөздөгү эрдик Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында бардыгы болуп 212 жолу жасалган. Булардын ичинен 133 жоокерге Чолпонбайдыкы сымал эң жогорку наам берилген.

Төмөнкү тамгалуу кытай уруусунун актондуу уругунан чыккан Чолпонбай Түлөбердинин төрт баласынын үчүнчүсү эле. Болотбек, Даңке, Манасбайдан азыр 16 небере, 7 чөбөрөсү бар. Ал эми Чолпонбайдан тукум калган жок. Бирок алар ар жылы Чолпонбайга куран окутуп турушат.

Чолпонбай менен бешинчи класска чейин бир окуган классташы Масалбек Ашыралиев сууда жакшы сүзгөндүгүн эскерип отурду:

- Биз 33-жылы биринчи класска келдик. Ушул жерден бешинчи класска чейин бирге окудук. 5-класска барганда, мектептин жанында арык бар эле, ошол жерден суу өтчү. Кол эмгеги деген сабакта бизди сууга сүздүрчү эле. Сүздүргөндө Чолпонбай дайыма биринчи орунду ээлечү. Түбүнө таш таштап коюп, канча мүнөт чыдайсың, ошого да баа койчу. Биз мүнөт да чыдай албайбыз, ал эми Чолпонбай 3-4 мүнөткө чейин суу түбүндө чыдачу эле.

Дагы бир классташы Токон Жаманкулов мындай дейт:

- Чолпонбай мүчөсү келишкен, куулугу жок абдан жакшы жигит болчу.

Чолпонбайдын 80-жаштагы иниси Манасбай карыяны жеңиштин 60 жылдыгына Бишкекке алып кетишип, эскерүү аземине ал катыша албады. Эскерүүнү өткөрүп жаткан Чолпонбайдын эң улуу агасы Болотбектин баласы Токон:

- Чолпонбай байкебиз аскерге кеткенде биз жашыраак болуп калып, жакшы билбей калдык. Андан кийин 1967-жылы Чолпонбай байкебиздин курман болгонун 25-жылдыгына чакырып, Уралишке барып келдик. Ал кайтыш болгон жерине Куран окутуп, ал жердеги элдер менен, көргөндөр менен жолугушуп, кайра келдик. Биз дайыма Чолпонбай байкебиздин эрдиги менен сыймыктанабыз.

Түлөбердинин чөбөрөсү 3-класстагы Гүлжан чоңатасы Чолпонбайга арнап эмки жолу ыр жаттайм деп убада берди да, бизге жатка билген бул саптарын айтып берди:

- Бир ок жолго багынуучу бизде жок,
Баш калкалап жалынуучу бизде жок,
Биздин жооп чабуулга, чабуулга,
Биздин жооп өлүмгө, өлүмгө
Кыйрап жатат фашисттер,
Кыйрап жатат фашисттер.


Түлөбердинин дагы бар чөбөрөсү Урмат Түлөбердиев Чолпонбайдын ысымы тийиштүү жерлерге ыйгарылбай жаткандыгына нааразы экендигин айтты:

- Биздин чоң атабыз Чолпонбай Түлөбердиевдин өзү туулуп өскөн айылында бир эле көчөнүн аты калды Чолпонбай деген. Мен ойлойм, шаарда Жеңиш аянты бар, ошого Чолпонбай азаматтын ысымын койсо жакшы болот эле. Өзүбүздүн айылды Чолпонбай айыл өкмөтү кылып, же бир мектепке атын коюп, бийлик калыстык кылып, колдоп берсе.

Ушул күндө Чолпонбай төрөлгөн Карабуура районундагы Чимкент айылында анын ысмындагы мамлекеттик мемориалдык музей 1990-жылдан бери иштеп, анда Чолпонбайдын, айылдын тарыхына байланыштуу 1300дөн ашуун экспонаттар топтолгон. Музейди түзүүгө Чолпонбайдын дагы бир классташы Ашымбек Шыйкынбаевдин эмгеги зор.
XS
SM
MD
LG