Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ


Кыргыз Республикасынын согуш, эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы, полковник Токомбаев Улуу урушка Кыргызстандан канча жоокер катышканы жана алардын көрсөткөн эрдиктери тууралуу “Азаттыкка” кыскача маек курду.

-Тараз мырза, Тарых барактарына таянсак, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Кыргызстандын ар бир бешинчи жашоочусу Кызыл Армиянын катарына чакырылыптыр. Алардын канчасы куралдуу күчтөргө, канчасы эмгек армиясына чакырылган? Кандай аскердик топтор, бригадалар, дивизиялар уюшулду эле?

- Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Кызыл Армиянын катарына жалпысынан 363144 адам, алардын ичинен 304725и куралдуу күчтөрүнө, 58419у эмгек армиясына чакырылган. Эркектер менен бирге 1395 аял да колдоруна мылтык алышып, жоого аттанышкан. Бир эле мезгилде Кыргызстанда бир топ аскердик топтор, бригадалар, дивизиялар да уюштурулган. Алсак, 385-атактуу, 316-аткычтар дивизиялары, 40, 153-бригадалар уюшулган. 316-аткычтар дивизиясына Москваны коргоодогу эрдиктери үчүн И.В.Панфиловдун аты берилип, 8-дивизия деп да аталат.

- Ошол дивизиянын 28 жоокери Советтер Союзунун Баатыры болду беле?

- Ооба, ошол дивизиядан 28 жоокер баатыр болушкан. Бир-эки күндөн кийин генерал-майор Иван Васильевич Панфилов курман болгон.

- Тарас мырза, согуштан кайтпай калган кыргызстандыктарды эскерүү китептерин чыгаруу боюнча кандай иштер жүрүүдө?

- Жеңиштин 60-жылдыгын утурлап эскерүү китептерин чыгарып жатабыз. Чүй, Ысыккөл, Жалалабат областары жана Бишкек шаары болуп, баш-аягы 9 китеп чыкты. Нарын, Талас, Ош, Баткен облатарыныкы чыга элек.

- Согуш мезгилинде Кыргызстандан канча баатыр чыккан?

- Бизден согуш мезгилинде 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болушкан.

- Азыркы күндө алардын канчасы тирүү?

- Азыр баатырлардын төртөөсү арабызда.

Айта кетчү дагы бир нерсе, биз мурунку президентке ордо калаадагы Жеңиш аянтына белгисиз жоокердин эстелигин коюу жөнүндө маселе койгон элек. Эми ал аткарылабы, аткарылбайбы Кудай билет.

- Маегиңизге чоң рахмат. Майрамыңыз кут болсун!

XS
SM
MD
LG