Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Президенттер карыздарды төлөөнүн жол-жобосун талкуулашты


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда башка маселелер менен катар Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызы жөнүндө да сөз болду. Орусия президентинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, сүйлөшүү мезгилинде Владимир Путин карыз үчүн ыйгарыла турган ишканалардын тизмесин тактап берүүнү Курманбек Бакиевге сунуш кылды. Кыргызстандын мамлекеттик
мүлктү башкаруу комитетинин мурдагы башчысы Равшан Жээнбековдун билдиргенине караганда, Аскар Акаевдин мезгилинде кыргыз бийлиги Орусияга Кыргызстандын ондон ашык ишканасын тышкы карыз үчүн баалап берүүнү макулдашкан. Кыргызстандын Орусияга карызынын көлөмү 170 миллион доллардан ашык экендиги белгиленип жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG