Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:34

Израил Газа секторунан кетүү мөөнөтүн үч аптага артка жылдырат


Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарондун бүгүнкү жарыясына караганда, Газа секторундагы жөөт конуштарын көчүрүү жана аскерлерди чыгаруу мөөнөтү үч аптага артка, август айынын орто ченине жылдырат. Ариэль Шарон мындай чечимдин жүйөөсү ирээтинде жөөт калкы үчүн салттык аза күтүү мезгили учурунда кагылышууга барбоону атаган.

Ал эми бүгүн Москвада Жакынкы Чыгыш боюнча төртилик топтун жыйыны өттү. Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянынын демөөрчүсү деп эсептелген бул топко Орусия, АКШ, Евробиримдик, БУУ кирет. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын билдиргенине караганда, төртилик топ алдында Израил менен Палестинаны макулдашууга жеткирүү багытындагы аракеттерин тездетет. Төртилик топтун пикиринде, Израилдин Газа секторунан кетүүгө милдеттениши, Палестинанын согушкерлерди куралсыздандыруу пландары алдыга жылуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк жаратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG