Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Москвада Жеңиш күнүнө арналган парадка 50дөн ашуун өлкөнүн лидерлери, миңдеген ардагерлер катышты


Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШ мамлекеттери үчүн бүгүнкү күндүн мааниси жөнүндө буларга токтолду:

-9 - Май - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн баары үчүн ыйык күн. Келечек муундар алдында биздин кайгыбыз, эскерүүбүз, парзыбыз бирдей. Биз урпактарыбызга тарыхый туугандыктын, окшош ойлор менен окшош үмүттөрдүн илебин берүүгө милдеттүүбүз.

Владимир Путин ошондой эле дүйнө эми кансыз же чыныгы согуштарга эч качан жол бербеш керектигин кошумчалады. Параддын соңунан дүйнө лидерлери Белгисиз жоокердин Кремлдин кире беришиндеги мүрзөсүнө гүл чамбарларды коюшту.

Москванын милициясы болсо бүгүнкү салтанаттарды утурлай нааразылык акциясына чыккан 80дей солчул жана коммунист демонстрантты камакка алган.

XS
SM
MD
LG