Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

ООГАН ЖУРНАЛИСТИ ЖЫЛДЫН ЭЛ АРАЛЫК РЕДАКТОРУ ДЕП ТАБЫЛДЫ


Замира Кожобаева, Прага Жыл сайын дүйнө жүзүндөгү АКШ дан башка өлкөлөрдүн маалымат каражаттарынын редакторлорунун ичинен жылдын эл аралык редакторун тандап алуучу дүйнөлүк басма сөз уюму бул жолу “Аялдар күзгүсү” деп аталган Ооган жумалыгынын баш редактору Шукрийа Байркзейди жеңүүчү деп тапты. 9-май күнү Нью-Йорк шаарында Бэйркзей айымга сыйлык тапшырылды.

Басма сөз эркиндиги жана аялдар теңдиги үчүн жан үрөп күрөшүп келе жаткан эрдиги үчүн жылдын эл аралык редактору наамына татыган Шукрийа Бэйркзей айым бул сыйлык өзүнүн гана ийгилиги болбостон жалпы ооган аялдарынын ийгилиги болуп саналаарын айтты. Анын сөзү боюнча сыйлык күтүлбөгөн нерсе болду:

-Мен алгач сыйлык тууралуу маалыматты алган учурда ишене алган жокмун. Анткени көпкө чейин сөз эркиндиги жок жашап келген Ооганстанда кичинекей, тажрыйбасы жок, жаңы эле басма сөз жолуна өз чыйырын түшүрүп келе жаткан маалымат каражаты кантип ушундай ийгиликке жетишсин? Кантип кичинекей маалымат каражаты үчүн аял киши ушундай сыйлык алсын деген ойлор болду.

Дүйнөлүк пресса уюмунун ишмердүүлүгү сөз эркиндигин жана эл аралык маалымат алмашууну колдоого багытталган. 1975-жылы өкмөттүк эмес уюм сөз эркиндигин жана жоопкерчилигин өнүктүрүүдө, адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөдө жана жалпы эле журналистиканын өнүгүүсүнө эрдик менен чоң салым кошкон редакторлор үчүн атайын сыйлык уюштурган.

Дүйнөлүк пресса уюму 300 гө жакын кабарчы, котормочу, редактор сыяктуу кеңешчилердин жардамы менен 2004-жылы Шукрийа Бэйркзейди уюм койгон бардык шарттарга ылайык мыкты редактор деп тапты. Ал Талибандар башкарып турган мезгилде аялдардын жашыруун мектептерде билим алуусуна көп көмөк көрсөткөн. Ал эми Талибандардын режими кулагандан кийин, “Айны-Езан” же “Аялдар күзгүсү” деп аталган жумалык басма сөз каражатын түзгөн. Бул жумалык аялдардын укугун жана теңдигин өркүндөтүүгө арналган. Ал патриархалдык жана эскичил түшүнүк бийлик кылган Ооганстанда аялдар маселесин коюп келет. Учурда 12 облуска тарап жаткан дари жана пуштун тилдеринде жарык көрүүчү журналда жаңылыктар, эл агартуу, ден соолук жана ислам тууралуу маалыматтардан тартып, сулуулук жана ашкана маданиятына арналган макалалар жарык көрөт.

Акыркы үч жыл ичинде Ооганстанда маалымат каражаттардын чыгуусу арбыган. Бүгүнкү күнгө чейин 200 дөн ашуун басылма каттоодон өткөн.
Бирок журналисттер көп учурда мурунку аскербашылардын жана ашынган динчилдердин коркутуулары менен кол салууларына туш болушат. Натыйжада маалымат каражаттарынын ичинде өзүн-өзү цензуралоо кеңири жайылган.

Бейркзей айым мындай көйгөйлөргө жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан маалымат каражаттары өлкөдөгү саясий жараяндын өнүгүшүнө жана көп жылдар бою согуш запкысын тарткан ооган элинин тынчтыгын сактоого үлкөн үлүш кошот дейт. Анын айтымында жаңы эле бутуна туруп келе жаткан сөз эркиндигинин жетишкендиги чоң:

-Өлкөдөгү өткөн президенттик же жаңы эле башталып жаткан парламенттик шайлоо сыяктуу саясий окуялардын ийгилиги ооган журналисттеринин тынымсыз эмгегинин натыйжасы. Мындай ийгилик акыркы жүз жылда боло элек болчу.

Дүйнөлүк пресса уюмунун белгилешинче Бэйкрзей Талибандар бийликте турган убакта да редактор катары тайманбай коррупция жана жоопкерчилик тууралуу суроолорду берип жүргөн. Ошондой эле ал аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы да ачык сүйлөгөн жана коомдогу ээлеген ордунан ажыратылган аялдардын бирден-бир коргоочусу болгон.

Бэйкрзей Ооганстандын жаңы Конституциясын түзүүдө Конституциялык комиссиясына мүчө болуп кирген. Дүйнөлүк пресса уюму белгилегендей Ооган Конституциясынын 22-беренесинде “ар бир ооган атуулу, эркек же аял экендигине карабастан, мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликте” деп жазылган.

Шукрийа Бэйркзей өзүнүн сыйлыгын 9-май күнү Нью-Йорк шаарында БУУнун 100 гө жакын активисттеринин жана АКШ аткаминерлеринин катышуусунда алды.

Дүйнөлүк пресса уюмун түзүүчүлөрүнүн бири Терри Шер бул сыйлык Бэйркзейге андан ары дагы ийгиликтүү иш алып барууга шарт түзөөрүн айтат:

-Менин көзүм жетет, Шукрийанын АКШ журналисттеринин, БУУнун жетекчилигинин жана башка адамдардын алдында чыгып айткан сөзү таасирлүү болот. Алар аны уккандан кийин Ооганстандагы кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылышат. Алар экономикалык кыйынчылыкты жеңүүгө, билим берүүнү өнүктүрүүгө, үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюуга жана жалпы эле Ооганстандын өнүгүүсүнө жардам беришет деп ойлойбуз.

Мындан тышкары Бэйркзей айым БУУнун жалпы көзкарандылык дүйнөлүк борборунда Ооганстан жана башка ислам өлкөлөрүндө АКШ нын ролу тууралуу тегерек үстөлгө катышат. Ошондой эле анын Ооган аялдары үчүн чакырык сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG