Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

КЫЗЫЛ АЯНТТА ЖЕҢИШТИН 60 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Москвадагы Кызыл аянтта Улуу жеңиш күнүнүн 60 жылдыгына арналган аскердик парад болуп өттү. 50дөн ашуун мамлекет башчылары катышкан майрамдык салтанат – нацисттик Германияны багындырууда советтик аскерлер кошкон эбегейсиз салымды баса көрсөтүп, алардын эрдигине таазим этүүгө арналды.

Москванын борбордук бөлүгүндө 9-май күнү аскердик парад, жеңиш ырлары жаңырып, Кызыл аянтта чогулган миңдеген согуш ардагерлери, 50дөн ашуун мамлекет башчылары экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын 60 жылдыгын белгилеп жатышты. 1941-жылдан 1945-жылга чейин созулган фашисттерге каршы канмайданга Советтер өкмөтү баш-аягы 30 миллиондой эркектер менен аялдарды тарткан, курал көтөрүп душманга каршы согушкандар арасында жаңыдан 18ге чыккан талчыбыктай буралган улан-кыздар да көп эле. Уруштан аман калгандардын жашы ушу тапта 80-90ду таяп калды.

Улгайып калган миңдеген ардагерлер чакырылган Кызыл аянттагы салтанатты ачкан сөзүндө Орусиянын президенти В.Путин Советтер Союзу экинчи дүйнөлүк согушта жоготкон ченемсиз чыгымдарга басым жасады:

-Жеңиш күнү – биздин мекендештер үчүн жүрөгүнө эң жакын, бүткүл элдик майрам. Мурдагы Советтер Союзунда жашаган элдер үчүн ал түбөлүккө эң улуу эрдиктин күнү катары кала бермекчи. Европадагы жана бүткүл жер жүзүндөгү адамдар үчүн бул күн - дүйнөнү сактап калган күн болмокчу.


АКШ президенти Жорж Буш, Франциянын президенти Жак Ширак жана Германиянын канцлери Герхард Шрөдер менен катарлаш турган Владимир Путин 9-май – орусиялыктар үчүн эң ыйык күн экенин белгилеп, өз элинин атынан фашисттерге каршы күрөшкөн союздаштарга терең таазим этээрин кошумчалады.

Аскердик парад андан ары улантылып, экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы эски машинелерге түшкөн, төштөрүн орден-медалдар кооздогон ардагерлер парадды көргөнү келген элге колдорундагы кызыл гүлдөрдү булгап салам жолдоп жатышты. Атайын бирдей аскердик кийим кийген ардагерлер арасында көз жашын сүртүп, кайгылуу күндөрдү кайра баштан кечиргендей муңайып тургандар көп болду.



Аскердик парад аяктап күн кечтей баштаган маалда ардагерлердин көбү Максим Горький атындагы парктагы концерт, оюн-зоокторду көрүп, эл аралап жүрүштү.

Лидия Коноплева 83 жашта. Ал согуш күндөрү талаа госпиталдарында жаракат алган аскерлерге операция жасаган догдурлардын жардамчысы болуп иштеген:

- Ал кезде биз уйкуга, тамакка кайыл болуп, иштеп жаттык, бир эле убакта эки операцияга жалгыз сестра болуп иштеп жаттым. Догдурларга жардам берет элем.

86 жаштагы Антон Будагов экинчи дүйнөлүк согушту элдердин биримдиги жеңген деп эсептейт:

- Мен бул улуу күндү балдарым, неберелерим менен майрамдап жатам. Жеңишке баарыбыздын бирдиктүү аракетибиз аркылуу жеткенибизди унутпашыбыз керек, коалицияга кирген америкалыктар, британдар, француздар – баарыбыз бириккенбиз, ал кездеги биримдик сезими бир айтып бүткүс нерсе.

Жылдан жылга азайып бараткан согуш ардагерлери жана дүйнө лидерлери Кремлдин жанындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбарлар коюшту. Кечке маал чет мамлекеттердин лидерлери кайрадан Кызыл аянтта чогулуп, согушта курман болгондорду эскерип, алардын арбайына баш ийишти. Ошондон кийин Кызыл аянтта да 9-май – жеңиш күнүнө арналган майрамдык салют, концерт, фестивалдар башталды.


Мурдагы Советтер Союзу – экинчи дүйнөлүк согушта эң зор жоготууга учурап, беш жылга созулган уруштарда 27 млн. дой аскери жана катардагы жараны өлүмгө учураган.


Фашисттер басып өткөн аймактарда жакынын жоготпогон, же 60 жыл мурдагы согуштун жаралуу тактары из калтырбаган үй-бүлөлөр дээрлик жокко эсе. Ошондуктан 9-май – карама-каршы сезимдер менен маанай жараткан, бирок эч кимди кайдыгер калтырбаган майрам бойдон кала берүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG