Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

ЖЕҢИШ САЛТАНАТЫ, ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР, “ЗАМАНДАШТЫН” АТЫН САТКАНДАР


Жогорку соттун алдындагы пикет, президенттик шайлоого камылга, Жеңиш майрамы - маалымат каражаттарында негизги тема болуп атат. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Кытайга ырасмий сапары 10-майда жарык көргөн “Агым” гезитинде чагылдырылды. Орусия менен Казакстанда жүргөн миңдеген миңгранттардын президенттик шайлоого катышуусунун күнгөй- тескейлерин “Замандаш” журналы чагылдырууда.

10-майдагы “Агым” гезитинде “Кочкор- Ырашрек” коомунун жетекчиси Бейшен Болотбековдун эркиндик, парламенттик башкаруу, президентик шайлоо, учурдагы абал тууралуу интервьюсу жарыяланды. “Мурунку СССРдин тутумундагы үч славян өлкөлөрүнүн жетекчилери чогулуп алып, калгандарын бөлүп салды. Мына ошондуктан биз эркиндиктин баркына жетпей жатабыз. Эркиндик канчалык оңой келсе, ошондой эле оңойчулук менен кетип калышы мүмкүн. Эгерде кетип калчу болсо 22 кылымдан бери келаткан кыргыз элинин келечеги туңгуюкка такалат. Президенттикке талапкерлер келишим түзүшү керек. Антпесе парламенттик шайлоонун айынан эл эмдигиче соттошуп, эки тарап болуп чатакташып жатат. Эл деген жаңы чабылган аттай болуп токтоно албай турган учуру”,-дейт Бейшен Болотбеков бул маегинде

Ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу “Агым” гезитинде саясат таануу илиминин доктору Жолборс Жоробеков өз ойлорун ортого салат.

“Президенттикке ат салышууга түшө турган жигиттердин консенсусунан көп нерсе чечилет. Эгерде булар бир жигиттик макулдашууга келе албаса Кыргызстанда дагы кокту-колоттук, аймактык, улуттар аралык арыздашуулар чыгып, аягы өтө жаман акыбалга алып келет. Мунун жыйынтыгы 24- марттагыдан да жаман болот”- деген пикирин айткан Жолборс Жоробеков.

Ошондой эле “Агым” гезитинде ушу тапта өлкөдө Орусия менен кош атуулдук боюнча маселе көтөрүлүп жатканы талкууга алынат. Ушул гезит өлкөнүн конституциясынын көйгөйү тууралуу пикирлерди жарыялады. Анда баш мыйзамда кыргыз элинин улуттук менталитети эске алынбай калганы, бийликтин кийлигишүүсү менен улам өзгөрүп, учур талабына ылайык келбей калганы, “экс- президент эч нерсеге жооп бербейт” деген норма дүйнө элине уят кылганы айтылат.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалалар чыгып жатканын жооптуу катчы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- кабарчыбыз Мамат Сабыров өлкөнүн парламент мүчөлөрү өздөрүн коргоо үчүн курал алып жүрүүгө уруксат сурап жатканы тууралуу маселени талдоого алат. АКШнын борбору Вашингтондо эл аралык укук боюнча Жессон кубогу үчүн эл аралык мелдеште 103 өлкөнүн командасынан кыргызстандык Лира Баяманова менен Аяз Баетов 9- орунду ээлеген. Алар менен кабарчыбыз Жамиля Таштанбекова маектешкен. “Агым” гезитинде президенттикке дагы кимдер бараары, ОШМУдагы так талаштар, философ Асейин Исмаиловдун Феликс Кулов жөнүндөгү баяндамалары бар.

10-майда жарык көргөн “Кыргыз караван” гезитинде Ош облусунун мурдакы губернатору Накен Касиевдин интервьюсу жарыяланды. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары, алдыдагы президенттикке ат салышуулар, өлкөдөгү саясый абал тууралуу кеп болот. Ал эми 10- майда окурмандардын колуна тийген “Адабий гезитте” кандай мазмундагы макала, маектерге орун берилген жооптуу редактор Асанбек Кулманбетов айтып берет:

- Мында Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин согуш тууралуу айткандары, ошондой эле Күмүш Суранованын тылдагы эмгек кылгандар тууралуу баяндамасы, Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев менен болгон интервью чыкты. Акын Анатай Өмүркановдун чыгармачылыгы тууралуу кеп болот.

“Замандаш” журналынын жаңы санында жеңиштин 60 жылдыгына карата макалалар жарыяланып жатат. Ошондой эле чет жерде, Орусия жана Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн 500 миңден ашуун кыргызстандыктардын шайлоо укуктары тууралуу маселелер да чагылдырылууда. “Замандаш” журналынын, ассоциациясынын атын сатып, атайын кат жазып, күбөлүк жасап алган айрым мекендештердин кылыгы жөнүндөгү макала да бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG