Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

ЧОЛПОНАТА ЖЫЛКЫ ЗАВОДУНДАГЫ БИЙЛИК ТАЛАШ


Рита Нурмамбет кызы, Чолпоната Ысыккөлдөгү президенттин иш башкармалыгына караган асыл тукум жылкы заводунун башчысы Жакыпбек Мамбетов 5-майда кызматтан алынып, ушул эле күнү эс алууга кетти. Жакыпбек Мамбетовдун бул кадамын мыйзамсыз деп эсептеген эл пикет убагында ур-токмокко алынып, аласалары кайтарылбай калганы үчүн дооматтарын айтып, Акүйгө бараарын билдирип жатышат.

Жер, сугат суулары боюнча бир жарым ай нааразылыкка чыккан Бактыдолонот айылынын жашоочулары менен жылкы заводдон эмгек акыларын ала албаган жумушчулар мындай нааразылыктарын райондук акимиатка, текшерүүгө келген өкмөттүк комиссияга үч жолу билдиришкен. Жылкы заводдун жерин ижарага алып иштеткен Турсуналы Мусабаевдин жубайы Бактыгүл буларды айтты:

- Аткарган план, келишим боюнча 10 пайыз менен берилет эле, ошону бербестен, бизге жети гана пайыз менен берип, алдады. Ошондо эки тонна буудайыбызды жеп кетти бул киши. Азыркы нарк менен айлантканда 2 тонна буудайыбыз 16 миң сомго барабар болуп атат.

Ал эми нааразылыкка чыккан эл ур-токмоко алынганын Нургүл Кенчинбаева мындай сыпаттайт:

- Анын Жаныбек деген иниси бар, ошонусу келип алып эле ушунуңарды таштагылачы деп, плакаттарды айрып, тытып баштады. Согуш менен бүтөт, экинчи Аксы болот деп башында эле жулунуп келишти.

Жылкы заводунун башкы инженери Жыргалбек Бакаев нааразылык жазылган ураандарды чоочун эле адамдар кармап турду деген пикирде:

- Плакаттар жазылган күнү эле ал тараптагы балдар жашынып, элден уялып, корккон. Эки-үч кишинин аркасынан чоочун балдарга көтөртүп койгон плакаттарды. Биз тараптан эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми жолдошунун эки айлык эмгек акысын доолап барган Жаркын Тазабекова кандайча муш жегенин минтип айтты:

- Азыркы башкарманын иниси менин шляпамды жерге чаап, бутка да тээп жиберди, дале бутум көгала болуп турат. Мамбетовдун Клара деген келини ар бирибизди сабап, мени муунтту.

Мындай араздашууларга жооп издеп Жакыпбек Мамбетов менен телефон аркылуу байланышканыбызда башка кызматка которулганын айтып, маектешүүгө макул болгону менен биз барганда Бишкекке кеткен болуп чыкты. Жылкы заводдун башкы эсепчиси Алмагүл Абдыракова пикет убагында элге кол көтөрүү болбогондугун айтат:

- Биздин иш башкаруудан атайын киши келип, ушул жактан чечип берем деген. Жылкы заводдун жумушчулары да, массовкадан келген кишилер да келишти. Ошол жерден келишпөөчулүк болуп, өздөрүнчө жаңжал болду. Бирок андай деле чоң жаңжал болгон эмес.

Башкы агроном Керимбек Турдубаев элди жергиликтүү бийлик үгүттөөдө дейт:

- Мындай карап отурсаң айыл өкмөтүнүн кишилери деле, район жетекчилери деле түрткү болуп атат.

Ал эми нараазылык билдиргендердин бири Жайла Рыспаева Жакыпбек Момбеков башка кызматка дагы татыксыз деген пикирде:

- Булар кичине чара колдонбойбу. Бир жерди жеп-ичип булгап кетсе, кайра экинчи жака көтөрүп барып коюу туура эмес иш да. Курманбек Бакиевге биздин үнүбүз угулат бекен. Биз калыстыкты сурайбыз. Жоопко тартылсын.

Нараазы тараптын дагы бир өкүлү Каныбек Сопуев буларды кошумчалады:

- Инисин жумушка коюп атат. Бул эч кандай элдин талабын аткарган жыйынтык деп эсептебейбиз. Бул ушул бойдон кала турган болсо биз эл менен Акүйгө чейин барабыз.

Жылкы заводго жаңы шайланган деректир Таалай Бурганаков болсо, мурунку жетекчинин иниси орунбасарлыктан алынбаса бут тосуулар болот деген ойдо:

- Совминдин иш башкаруучусу мага айтып атат, мурунку кадрлар менен иштешесиң, бирин да иштен кетирбейсиң деп. Акаевдин кишилери менен мен иштеше албайм деп ойлойм. Булардын баарын тазалаш керек. Жөнөкөй тракторист, жылкычы, сугатчылар калсын да, алардын үстүнөн караган кишилердин баары кетсин.


Жаңы жетекчи ошондой эле заводдун азыркы абалы өтө эле төмөн деп эсептейт:

- Былтыр Путин президенттик ат чабыш өткөрүп, Кыргызстандан алып барганга бир ат таппай коюшту. Анда эмне кереги бар Кыргызстанда жылкы завод кармап. Кыргызстандын жылкы заводунда 37 бээ, 6 айгыр бар экен, жылда 15-20 кулун алышат. Ал кулундар кайда кетип атат?

XS
SM
MD
LG