Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:33

БОЛОЧОК УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТТИ.


Жакында Вашингтондо эл аралык укук боюнча «Филип Жессапа” кубогу үчүн мелдеш болуп өттү. Анда дүйнөнүн 103 өлкөсүнүн командасынан кыргызстандык студенттер 9- орунду ээледи.

“Филип Жессапа” эл аралык кубогуна арналган укук коргоочулардын мелдеши ар жыл сайын өткөрүлүп турат. Ал мелдешке катышуу үчүн Бишкектеги 14 жогорку окуу жайынын студенттери сынактан өтүп, иргелип отуруп Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинин 4-курсунун студенттери Аяз Баетов менен Лира Баяманова жеңүүчү деп табылган.

Аларга сынакта эки мамлекеттин чыр-чатагы, ич ара келишпестиги тууралуу тапшырма берилип, эки болочок юрист бул чырдын адвокаттары катарында жабырланган өлкөнү актап чыгышкан.

Вашингтондо өткөн эл аралык мелдешке АКШ, Улуу Британия, Германия, Австралия сыяктуу дүйнөнүн 103 өлкөсүнөн барган болочок укук коргоочулар катышкан. Баш байгеге австралиялыктар ээ болуп, орусиялыктар 15-орунду, Өзбекстандын командасы 57-орунду, казакстандыктар 83-орунду ээлеген.

10-орунга чейинкилер байгелүү деп эсептелип, аларга диплом берилет. Ушул эл аралык мелдеште 9-орунду ээлеген Кыргыз улуттук университеттин юридика факультетинин 4- курсунун студенти Лира Баяманова таймаштар курч, кызыктуу өткөнүн айтты:

- Бардык өлкөлөрдүн юридика тармагында эртең адис боло турган тандалган студенттери катышты. Кыргызстан ыңкылап болгондон кийин эл оозуна алынып, бардык жерде сөз болуп жаткандан кийин Аяз экөөбүз өлкөбүздү уят кылбайлы деп, чыйралып, аракет кылдык. Мелдеш күн сайын эртең мененки саат тогуздан кечки тогузга чейин болуп жатты. Көп нерсени үйрөнүп, көзүбүз ачылгандай эле болду. Байгелүү делген 9-орунга жетип, диплом алдык. Чет өлкөлүк көп студенттер менен достоштук. Америкада окуган кыргызстандык жаштар менен дагы кездештик.

Кыргызстандык эки студенттин Вашингтондогу эл аралык мелдешке катышып келүүсү үчүн жол чыгымдарын АКШнын тышкы жардам боюнча агенттиги моюнга алган. Эл аралык укук боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн Америкалык юристтер ассосациясынын Кыргызстандагы координатору Ольга Чуракова Шериктеш өлкөлөрдүн командаларынан Кыргызстандын студенттери алдыга озуп, акыл таймашында айырмаланганын белгиледи:

- Мындай эл аралык мелдешке катышуу менен кыргызстандык болочок юристтердин кесиптик деңгээли жогорулап, башка студенттерге да үлгү болушту. Былтыр Кыргызстандан ушул эл аралык мелдешке Кыргыз- Сляван универститетинин командасы катышып, 17-орунга ээ болгон. Быйыл эң мыкты 10 команданын катарына кошулуп, байгелүү 9- орунга жеткени чоң жетишкендик. АКШнын Кыргызстандагы элчиси студенттерге ыраазы болуп, атайын диплом тапшырганы жатат.

Мелдешке катышкан айрым өлкөлөрдүн студенттери, америкалык саясатчылар, журналисттер Кыргызстандагы ыңкылап, өлкөдөгү өзгөрүүлөр, саясый кырдаал тууралуу кызыгуу менен сураганын Лира Баяманова айтып, Кыргызстандагы окуяларды америкалык маалымат каражаттары калыс жана кеңири чагылдырылганын байкаганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG