Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Чет жерде жүргөн кыргыздар саясий партия түзөт


БИШКЕК. 19-майда Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн кыргыздардын башын кошкон «Замандаш» ассоциациясы саясий партия түзүүгө арналган уюштуруу курултайын өткөрөт. 10-майда мындай маалымат ассоциациянын президиумунун төрагасынын орун басары Жума Абдуллаевден алынды. Анын айтымында, курултайда партиянын программасы кабыл алынып, уставы талкууланат. «Замандаш» ассоциациясы Орусиянын 24, Казакстандын 3 шаарында иштеген кыргыз атуулдарынын уюмун өзүнө камтыйт жана анын мүчөлөрүнүн саны 300 миңден ашык. Ал чет жерде иштеген кыргыз атуулдарынын кызыкчылыктарын коргоо максаты менен 2004-жылы түзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG