Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Бакайатада депутаттык орун талашуу бүтө элек


БИШКЕК. Талас облусундагы №55-Бакайата округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысы милдетинен өз ыктыяры менен баш тартышты. Алар Борбордук шайлоо комиссиясына берген арызында шайлоочулардын эки талапкер Равшан Жээнбеков жана Жусуп Иманалиевдин жактоочулары болуп эки жаатка бөлүнүп, чатакташууларынын басылбай жаткандыгы себеп болгондугун билдиришти. БШК алардын арызын 10-майдагы жыйынында канааттандырып, округдагы талаш участкаларда кайра добуш берүү абал турукташкандан кийин болот деген чечим чыгарды. 1-майга белгиленген кайра добуш берүү эки талапкердин жактоочуларынын кармашынан жана шайлоо комиссиясынын төрагасы менен райондун сотун барымтага алышканынан улам болбой калган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG