Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Темир жолчулар талабынан кайта элек


БИШКЕК. 26-апрелден бери ачкачылык жарыялап олтурган темир жолчулардын жетөө 10-майда темир жол башкармасынын ооруканасына жаткырылды. Мындай маалымат ачкачылык жарыялаган Гүлнара Керимбаевадан алынды. Азыр ачкачылык акциясын улантып жаткандардын саны 12. Алар талап аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой тургандыктарын билдиришти. Темир жолчулар темир жол башкарма башчысын алмаштырып, темир жолдо көп жылдан бери бекемделип калган коррупцияны жоюуну жана тармакты жакшыртууну өкмөттөн талап кылып жатышат. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов алар менен өткөн жумада жолукканда темир жолчулардын талабын 10-майда чечебиз деп убада кылган болчу, бирок бул күнү кайра жолугушуу болгон жок.

XS
SM
MD
LG