Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Судьялар кайрылуу кабыл алды


БИШКЕК. 10-майда өлкөнүн судьялары өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана кыргыз калкына кайрылуу кабыл алды. Анда сот бийлигинин ишин кайра улантууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган. Аткаруу бийлиги сот системасынын ишин камсыз кылууга тийиштүү чаралар көрбөй жатат. Анын айынан соттун иши үзгүлтүккө учуроодо. Учурда Жогорку Соттун кароосун талап кылган 300дөн ашуун иш турат, деп белгиленген кайрылууда. 10-майга белгиленген судьялардын курултайы президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаиловдун сунушу менен башка күнгө которулду. “АКИ-пресс” маалымат агенттигинин жазуусуна караганда, судьялар мындай сунушка нааразы болуп, бирок кабыл алууга мажбур болушкан. Ал эми Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов судьялардын курултайын үзгүлтүккө учуратууну кескин айыптап, аны кээ бир чиновниктердин өзүм билемдиги деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG