Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Бакиев менен Жекшеевдин ишенимдүү өкүлдөрү катталды


БИШКЕК. 10-майда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев президенттик шайлоого талапкер катары катышууга расмий түрдө макулдугун берди. Анын талапкерлигин көрсөткөн Алабука районунун шайлоочуларынын жыйынынын токтому Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Бул тууралуу Бакиевдин «Кыргызстан элдик кыймылында» түзүлгөн шайлоо штабынын төрагасынын орун басары Виктор Черноморец билдирди. Анын айтымында, 100дөн ашуун чогулуш, жыйналыштарда эмгек жамааттары, коомчулуктун өкүлдөрү Курманбек Бакиевди президенттик кызматка талапкер кылып көрсөтүшкөн. Кыргызстан элдик кыймылы болсо 15-майда курултайына чогулуп, Бакиевди президенттикке көрсөтүү маселесин карамакчы. Борбордук шайлоо комиссиясы 10-майдагы жыйынында Курманбек Бакиевдин 39 ишенимдүү өкүлүн, КДК партиясы тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Жыпар Жекшеевдин 12 өкүлүн каттоого алды. Шайлоо кодексине ылайык талапкердин ишенимдүү өкүлүнүн саны 50дөн ашпаш керек.

XS
SM
MD
LG