Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

ЖОГОРКУ СОТ ТӨРАГАСЫ КЫЗМАТТАН КЕТҮҮ ТУУРАЛУУ АРЫЗЫНАН АЙНЫДЫ


Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө президенттин милдетин аткаруучуга жана Жогорку Кеңешке буга чейин жазган арызын кайра чакырып алды. Ал эми анын отставкасын өктөм талап кылган нааразылык акция 10-майда да улантылды. №21-Токтогул шайлоо чөлкөмүнүн нааразылыкка чыккан шайлоочулары Жогорку сот имаратынын ичин ээлеп турушат. Жогорку сот төрагасы баш болгон жамаат иш орундарын таштап чыгып кетишкен.

Жазган арызын кайра чакыртып алышынын себеби тууралуу Курманбек Осмонов мындай деди:

- Мен бүгүн арызымды кайра чакырып алуу жөнүндө дагы арыз бердим. Мен башында чын эле ойлогон элем ушу мен кетсем эле эл тынчып калып, стабилдүү жагдай түзүлөт деп, көрсө маселе менде эмес экен. Ушундай кыйын учурда сот системасын таштап кетип жатканыңыз кандай деп, сот корпусундагы судьялар да мага түшүнбөөчүлүк ниеттерин билгизишти. Мындан сырткары бүгүн өткөрө турган курултайыбызга да ачыктан ачык тоскоолдук кылышты. Бүт жергиликтүү сотторго да телефон чалышып, шаардын соттору менен жыйналыш өткөрүп, эгер курултайга келсеңер баарыңар тең кызматтар алынасыңар,указ менен деп. Жана башка себептери бар. Өзүмдүн арызымда кыскача көрсөттүм ошол себептерди.

Ал эми Курманбюек Осмоновдун мындай пикиринен соң , биз президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнө кайрылганыбызда бөлүмдүн башчысы Анарбек Исмаилов соттордун курултайды өткөрүүгө даярдыгы жетиштүү болбогондугуна байланыштуу курултайды токтотуп коюшкандыгын билдирди.

Жогорку сот имаратынын алдында №21-Токтогул шайлоо округунан Токтосун Мадияровдун жактоочулары наарызычылык акциясын бир нече күндөн бери улантышууда. Алардын “Адилеттүү соттор келсин”, “Паракор соттор кетсин” деген талаптары жазылган көптөгөн плакаттары сот имаратынын алдына илинип коюлган. Нааразылыкка чыккандардын айтуусу боюнча 70ге жакын пикетчи 18-апрелден бери Жогорку сот имаратында күндөп-түндөп жалпы соттордун отставкага кетишин талап кылышууда. Алардын айрымдары мындай пикирлерин билдиришти:

- Арызын берип алып азыр кайра мен берген жокмун деп сүйлөп бергенине биз ого бетер кыжырланып турабыз.-

-Мен Жуматаева Майрашмын. Жогорку сотко 22си күнү кирип алганбыз. Ошол бойдон чыкпай отурабыз..

- Токтогул районунун соту жети округду Сарпашовдон жараксыз кылып туруп бизге оодарып берген. Эми жети округду кайра текшерип туруп, үч округду Сарпашовдун пайдасына чечкенине биз күйүп отурабыз.

Нараазылыкка чыккандардын айрымдары талапкер Токтосун Мадияров шайлоонун биринчи турунда эле жеңген, анын атаандашы Сарпашовдун соттор менен байланышы күчтүү, анткенге мурдагы бийликтин таасири болгон деген ойдо.

Мындай пикирлерге карата Тайырбек Сарпашовдун ою төмөнкүчө:

- Кандайдыр бир шылтоо айтып жатат да. Биз уткан болчубуз деп. Эч кандай уткан жок. Жогорку сотто деле бүгүнкү күндө төрт шайлоо участкадан кайра шайлоо болсун деп чыгарды. Эгерде утканы чын болсо, ушу төрт участкада мени менен кайрадан шайлоого барсын.

Эгерде сот адилеттүү караганда Мадияров депутат болуп отурмак дешет нааразылыкка чыккан Токтогулдук дагы шайлоочу:

- Токтогул районунан болом. Атым Жаңыбаев Анарбек, 60 жаштамын. Чечилет деп үмүттөнүп жатабыз.

Нааразылыкка чыккандарды жана сот имаратын тартип коргоо органдары кайтарууга алган. Улуттук коопсуздук кызматы да пикетчилердин коопсуздугун көзөмөлдөөдө деди ал жерде турган бир кызматкер:

-Бишкек шаарынын УКК башчысы болом. Аты-жөнүм Көлбай Мусаев. Элде тынчылык болсун, биздин максатыбыз ошол. Көп күндөн бери сүйлөшүп жатабыз.

XS
SM
MD
LG