Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Берлинде Холокосттун курмандыктарына арналган эстелик ачылды


Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганына 60 жыл толгондон кийин бүгүн ырасмий түрдө Холокосттун, же нацисттердин кыргынына кабылган алты миллиондой жөөт элинин элесине арналган эстелик комплекси ачылды. Анын ачылышына Германиянын канцлери Герхард Шрөдер баш болгон Берлиндик жана Израилдик саясий лидерлер, нацисттик лагерлерде аман калган адамдар катышты. Америкалык архитектор Питер Эйзенман иштеп чыккан эскерүү комплекси Берлиндеги Бранденбург дарбазасынын жанында эки футбол талаасына барабар кеңири аянтты ээлеп, ал жерге 2700 гранит калыптар орнотулду. Көп жылдардан берки талаш-тартыштардан кийин жаралган комплекс нацисттердин кыргынына кабылган миллиондогон башка элдер, коммунисттердин элесин четте калтырганы үчүн сынга кабылууда.

XS
SM
MD
LG