Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Грузия дүйнөдө демократияны жайылтууга салым кошот


Грузиянын президенти М.Саакашвили Тбилиси Вашингтондун дүйнө жүзүндө, анын ичинде Беларуска да демократияны жайылтуу аракетине жардам көрсөтөт деп билдирди. «Мен силерге бир нерсени айткым келет. Биз баарыбыз өз өлкөлөрүбүз алдында жооптуубуз. Беларустан баштап бүткүл дүйнө жүзүндөгү элдерге демократияны жайылтуу жүгү жалпыбыздын мойнубузда», - деди Саакашвили Тбилисидеги аянтка АКШ президентин укканы келген он миңдеген мекендештирине кайрылып. Грузиянын парламенти мындан бир нече апта мурдараак Беларустагы демократиялык өзгөрүүлөргө колдоо билдирген резолюция кабыл алган.

XS
SM
MD
LG