Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

ОРУСИЯ МЕНЕН ЕВРОБИРИМДИК «ЖОЛ КАРТАСЫН» БЕКИТИШТИ


Төрөкул Дооров, Москва Москвада Орусия менен Евросоюздун кезектеги саммити өттү. Анда каралган негизги маселелердин бири – айтылуу «жол картасы» келишими. «Жол картасын» эки тарап тең саммитте колдошту. Андан сырткары, ырасмий Москва менен Еврошаркет ортосунда пикир-келишпестиктердин жаралышына жол берген маселелер да арбын.

Орусия менен Евробиримдиктин бул жолку саммитинде 2003-жылы Петербург шаарында алгачкы ирет жарыя кылынган айтылуу «жол картасы» келишимине кол коюлду. Аталган келишим Орусия менен Еврошаркет ортосундагы негизги төрт тармак боюнча биргелешкен кызматташууну жандантууга багытталган.

Саммитти ачып жатып, орус президенти Владимир Путин аталган документтин мааниси өзгөчө экендигине токтолду:

- Биз кызматташуунун төрт негизги мейкиндигинде ишти алып баруунун механизмдерин аныктадык. Бул төрт багыт: коопсуздук, адам укуктарын коргоо, соода-сатык жана гуманитардык алкакта иштешүүгө негизделген. Жалпысынан анда терроризм жана баңгиликке каршы күрөштөн тарта элдер ортосундагы алакага чейинки Орусия менен Евросоюз кызматташтыгынын баардык негизги багыттары камтылды. «Жол картасын» бүгүн карап, аны кабыл алуу мен буга чейин айтып өткөн Улуу Европаны курууга чоң көмөк көрсөтүү болмок.

Анын айткандарын Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу да колдоп, аталган документтин кабыл алынышы «өтө маанилүү» деп эскертти.

Бул жолку каралган негизги маселелердин дагы бири – орусиялыктарга Евросоюзга кирүүдө виза алуунун шарттарын жеңилдетүү суроосу. Бул - Орусия көтөргөн проблемалардан. «Жол картасында» эки тарап тең виза алууда жеңилдиктер болушу керектигин колдошкондугу айтылат.
Буга чейин Еврошаркет Орусияны Батыш Европада мыйзамсыз иштеп жүргөн орусиялык эмгек мигранттарды ал аймактардан кайра чыгарып кетүүгө чакырып келген.

Талкууга коюлган маселелер жалаң эле экономика жана соода-сатык жаатындагы көйгөйлөр менен чектелген жок. Саясий өңүттөгү проблемалардын катарында Балтия жээгиндеги мамлекеттерде орусиялык атуулдардын укуктук абалы, Молдавия жана Грузия өңдүү постсоветтик аймактагы өлкөлөрдүн эми Евробиримдикке мүчөлүккө умтулуусу да бул жолу каралган оор маселелерден болду. Анткени, ырасмий Москванын ишениминде, аталган өлкөлөр учурдан пайдаланып, өздөрүндөгү орусиялык аскерий базаларды чыгаруу үчүн Кремлге саясий басым жасап жатышат.

Канткен менен, Еврокомиссиянын төрагасынын айтымында, эгерде Орусия Евробиримдик менен кызматташууну арттыргысы келсе, анда өзүндө демократияны куруп, адам укуктарын коргошу лаазым. Анын айтымында, Орусия менен Евросоюздун кызматташтыгы дал ушул баалуулуктарга таянат.
XS
SM
MD
LG