Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

ИРАН УРАН БАЙЫТУУНУ КАЙРА БАШТАМАКЧЫ


Дүйшөмбүдө Иран уран байытууну чукул арада кайра баштаарын жарыялады. АКШнын бийлик өкүлдөрү буга чейин Тегеран ядролук отунду иштетүү аракеттери боюнча Евробиримдик менен макулдашкан шарттан баш тартса, маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде кароо керек деп айткан эле. Ирандын соңку жарыясынан кийин Кошмо Штаттары уран байытууну Иран кайра баштаса, бул "жазасыз" калбайт деп эскертти.

Ушул дүйшөмбүдө университеттик конференцияда чыгып сүйлөп, Ирандын Атомдук Энергетика уюмунун жетекчисинин орун басары Мохамед Саеди келерки бир нече күндүн ичинде Исфахандагы уранды байытууга байланышкан иштер кайра жанданат деп айтты. Исфахандагы ишканада чийки уран газга айландырылат. Бул газ кийин уран байытуучу центрифуга жиберилет. Тегеран буга чейин 37 тонна чийки уранды газга айландыргандыгын бышыктаган.

Ноябрь айында Тегерандын өкмөтү Британия, Франция жана Германия менен туруктуу макулдашууга жетишүү үчүн, уранды байытууга байланышкан бардык иштерди токтотуууга макул болгон. Бул макулдук Тегерандын ядролук курал жасап жатпаганына эл аралык коомчулукту ынандыруу үчүн зарыл болгон.

Иран өзүнүн ядролук программасы тынчтык максаттарды көздөй тургандыгын айтып келет. Бирок Кошмо Штаттары аны тымызын ядролук курал жасап жатат деп шектенет. Байытылган уранды ядролук бомба жасоодо да колдонсо болот.

Соңку айларда Ирандын бийлик өкүлдөрү Евробиримдиктин жогоруда аталган үч өлкөсү менен сүйлөшүү жай жүрүп жатат деп нааразы болуп келген. Сүйлөшүүлөр создуккан сайын Иран уран байытуудан эч качан баш тартпай тургандыгын айта баштады.

Даниядагы Аархуз университетинин саясат таануу профессору Мехди Мозаффаринин ишениминде, Иран Франция, Британия жана Германия менен соодалашууда артыкчылыкка ээ болуунун жолун издеп жатат:

– Соңку жумаларда Ирандын өкүлдөрү башкача сүйлөп калышканы чын. Коргонууга мажбур абалда калган Иран Исламдык Жумуриятынын добушу улам катуулат жатат. Алар ушул жол менен кырдаалдан оңой чыгып, убакытты да утуп, демилгени өз колуна алууга далалаттанышууда.

Өткөн аптада Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер уран байытууну кайра улантуу сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратат деп эскерти. Ал эми Кошмо Штаттарында, Мамдепартаменттин маалымат катчысы Том Кейси Евросоюз өлкөлөрү менен жетишилген келишимди бузса, Иранга жооп берүүгө туура келээрин эскертти. Ошенткени менен, конкреттүү чараларды атаган жок. Буга чейин америкалык өкүлдөр Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде Иранга санкция киргизүү керек деп келишкен.

Профессор Мозаффаринин пикиринде, мындай процесс көп айларга созулушу мүмкүн. Шейшембиде Европа Союзунун тышкы иштер комиссары Хавиер Солана сүйлөшүү үзгүлтүккө учураса, Ирандын ядролук иш-аракеттерин көзөмөлдөөнү Эл аралык Атомдук Энергетика агенттигине өткөрүүнү сунуш этти. Мындай сунушка агенттиктин пикири азырынча белгисиз. Мурда БУУга караган бул уюмдун жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү улантып, Тегеранды уран байытууну кайра баштабоого чакырган эле.
XS
SM
MD
LG