Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

К.БАКИЕВДИН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫ, КАЙЫКТЫ КАЛТЫЛДАТЫП ЖАТЫШАТ


Улуу Жеңиштин 60 жылдыгы Кыргызстанда чоң салатанат менен белгиленди. Москвадагы майрамдык салтанаттарга катышкан Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу өкмөт башчы К.Бакиев маалымат жыйынын өткөрдү. Кыргыз басылмаларында шайлоо темасына арналган материалдар арбын жарыяланууда.

Орусиянын президенти В.Путин азыркы кыргыз өкмөтүнүн аракеттерин колдой тургандыгын билдиргенин шаршембидеги «Кыргыз туусу» гезити жазып чыкты. Журналист Бакыт Орунбековдун ырасташынча, Москвадагы Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына арналган салтанаттар жогорку уюшкандыкта өттү.

Гезиттин жаңы санында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурованын маегине да орун берилген. Анда жаңы өкмөттүн социалдык маселелерди кантип чечип жатканы жайында кеп болот.

Басылмада жарыяланган маегинде белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков учурдагы коомдук-саясий жагдай тууралуу пикирин билдирген. «Жумурунда жугу, көкүрөгүндө туюму жокко бийлик тийсе, каалаганын жасары тарыхта белгилүү», дейт И. Абдуразаков.

Анын ырасташынча, алдыдагы президенттик шайлоо кыйла курч, айрым жерлерде абдан курч өтүшү ыктымал. Азыр элдин саясий аң сезими өсүп, баштагыдай пассивдүү болуудан калган. Бул жагдай сөзсүз шайлоонун курч өтүшүнө өз таасирин тийгизет.

Шайлоо тууралуу шаршембиде чыгуучу «МСН» гезити да биртоп материалдарга орун берүүдө. Аз илгери гезит кайыкты ким калтылдатып жатканы тууралуу журналист Рина Приживойттун макаласын жарыялаган. Анда автор Ф.Кулов менен экс-президент А.Акаев экөөнүн ортосунда пайда болгон ысык саясий ымала жайында ой жүгүртүп, кечээки саясий душмандар эмнеге бүгүн ынтымакташып, элдешип калышынын себеп-жөнү президенттик шайлоого байланыштуу экенине токтолгон.

Макалада айтылган ойлорго каршы пикирин «Слово Кыргызстана» гезити билдирип, эмнеликтен кечээ түрмөдө жаткан «Арнамыс» партия лидерин көкөлөтүп мактап аткан «МСН» бүгүн аны сынга алып калды, деп суроо койгон.

Буга «МСН» Р.Приживойттун жооп макаласын жарыялоодо. Автордун ырасташынча, учурунда эркин гезит Ф.Куловдун түрмөдөн жазган билдирүүлөрүн, жоопторун, макалаларын үзбөй жарыялап келген. Эми ал колу-жолу бош инсан. Гезит автору Ф.Куловдун А.Акаевди аяп, анын үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайрылып келишине деле макул болгон позициясына таң калганын жашырбайт.

«МСН» гезити президент милдетин аткаруучу, өкмөт башчы К.Бакиевдин Москвадагы маалымат жыйынынын баяндамасын жарыялаган. Ф.Кулов менен президенттик шайлоого чогуу чыгуу суроосуна өкмөт башчы азырынча андай мүмкүнчүлүк бар деп жооп узаткан.

Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына арналган шаң-салтанаттар башталар чакта күн да жаабай күтүп тургандай болду, деп маалымдады шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити. Кан күйгөн майданга кеткен кыргызстандыктардын жыйырма экиси «Даңк» орденинин толук ээси, жетимиш үч жоокер Советтер Союзунун баатыры, орден-медалдар менен кайтышса 200 миңге жакын жоокер Мекен үчүн майдандан кайтпай калышкан.

Бишкек мурда жапжашыл кооз шаар болчу. Анда жашаган ар бир жаранга 23 чарчы метр жашыл аянт туш келсе азыр ал 9 метрге түшүп калганы Зинаида Сорокинанын «Шаардын дем алуусу» деген макаласында баяндалган. Шаарды жашылдандыруу иши кийинки жылдары жүргүзүлбөй деле калган. Бирок да жакындан бери бул ишти колго алып көчөттөрдү өстүрүп жаткан багбан совхоздун ишине жерин ээлеп алгандар жолтоо болушууда. Жер ээлөөчүлөрдүн көчөт тигилчү аянтты бошотушар түрү жок, деп маалымдайт гезит кабарчысы.
XS
SM
MD
LG