Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Путиндин сөзү Польшада нааразычылык жаратты


Россия президенти Владимир Путиндин Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин алтымыш жылдыгына карата сөзүнө нааразы болгон поляктар Москванын Чоң театр балетинин спектаклине бойкот жарыялашты. Поляктарды Путиндин сөзүндө нацизмди жеңүүдөгү Польшанын ролуна маани бербегени кыжырдаткан. Чоң театр балет жамаатынын Польшадагы гастролунун уюштуруучусу Войцех Войтановский билеттер массалык түрдө кайтарылып жатканына байланыштуу айрым оюндар көрсөтүлбөсүн билдирди.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.

XS
SM
MD
LG