Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Ирактын Конституциясын даярдоочу комитет такталды


Ирак парламенти өлкөнүн туруктуу Конституциясын иштеп чыгуучу комитеттин курамын бекитти. Анын 28 мүчөсү шийиттер, 15 мүчөсү күрт альянсынан. Мурдакы премьер-министр Аяд Аллавинин партиясына комитетте 8 орун, калган майда партияларга 4 орун тийди. 55 мүчөлүү комитет үзүрлүү иштесе, жаңы Конституциянын долбоору 15-октябрга даяр болуш керек.

Кечээ Багдаддын ортосунда автомобилге коюлган эки бомба жарылып, кеминде 7 киши курман болду. Жарадар болгон 19 кишинин ичинде америкалык үч жоокер бар.

Кечээ таңга жуук Ирактын батышындагы Анбар провинциясынын губернатору Ража Науаф Фарахан Махалави уурдалды. Барымтачылар Сирияга чектеш Кайым шаарынан АКШлык аскерлердин чыгып кетүүсүн талап кылышты.

XS
SM
MD
LG