Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Президент Карзай Батышты жардамга чакырды


Ооган президенти Евробиримдикти жана Кошмо Штаттарын Ооганстанга узак мөөнөт жардам көрсөтүүгө чакырды. Карзай кечээ Европараламенттин Страсбургдагы башкеңсесинде сүйлөгөн сөзүндө:

-Алдыбызда өтө татаал милдет турат. Ооганстандын социалдык жактан өнүгүүсү өтө төмөн. Биз балдардын өлүмү жана адамдардын күтүлгөн өмүрүнүн узундугу боюнча дүйнөдөгү эң начар көрсөткүчтөргө ээбиз. Айрыкча аялдар арасында кат тааныбагандардын көп экени бизди канаатандырбайт. Жаманы -бул көрсөткүчтөр биздин өлкөнү Улуттар Уюмунун Адамзаттын өнүгүү деңгээли боюнча астынан бешинчи орунга жайгаштырды.

Карзай ошондой эле бардык Ооган согушчандары мунапыс ала алаарын, бирок талибдердин башчысы Молдо Омардын өкмөттүн ырайымына макул келээрине көзү жетпесин айтты. “Ал-Каида” уюмунун ана башы Осама бин Ладендин 2001-жылдын 11-сентябрына чейин жана андан кийин жашынуусуна жардамдашкан Молдо Омардын башы үчүн Вашингтон 10 миллион доллар байге убада кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG