Болгария парламенти бүгүн Европа Биримдигине өлкөнүн кошулушу тууралуу чичимди жактырды, эми Болгария бул уюмга 2007-жылы мүчө болуп кириши мүмкүн, ага чейин болсо өлкөдө бир топ реформа өткөрүлүүгө тийиш. Андан тышкары, Болгария менен Евробиримдик ортосундагы келишимди - уюмга азыр мүчө бардык 25 өлкөнүн парламенттери жактырышы керек.