Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Кадамжайдагы жарылуу эки өспүрүмдүн өмүрүн кыйды


БАТКЕН. Кадамжай районуна караштуу Алыш айлында 10 майда эки окуучу жарылуучу заттан набыт болду. 11-май күнү Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Анвар Билалов “Азаттыкка” билдиргендей, Карадөбө айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылында жашаган бир туугандар: 1987-жылы төрөлгөн Темиров Салайдин жана 1991-жылы төрөлгөн Ташмурза уулу Сайдулла айылдан алыс эмес жерден жардыргычты таап алышып, аны карап жаткан учурда жарылуу болгон. Окуянын чоо-жайын учурда райондук прокуратура иликтөөдө. Ошондой эле мындай кырсыктардын алдын-алуу үчүн жардыргыч зат табылган аймакта атайын адистер тарабынан текшерүү иштери да жүргүзүлөт. Бул аймакта 1990-жылдарга дейре кошуна Өзбекстанда жайгашкан куралдуу күчтөрдүн окуу-машыгуулары өтүп турганы, жардыргыч зат ошондон калып калганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG