Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Чиновниктердин көпчүлүгү кирешеси тууралуу декларацияны тапшыра элек


БИШКЕК. Мамлекеттик кызматтарда мурда иштеген жана азыр иштеп жаткан чиновниктердин көпчүлүгү кирешеси тууралуу декларация тапшыра элек. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин жетекчиси Акылбек Жумабаев 11-майда “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, учурда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Кубатбек Байболов, Дооронбек Садырбаев баш болгон 6-7 депутат өздөрүнүн жана жакындарынын киреше мүлкү тууралуу декларация толтуруп, аталган агенттикке тапшырышкан. Ошондой эле Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова баш болгон Конституциялык соттун кызматкерлери кирешелери жана мүлктөрү боюнча декларация толтуруп беришкен. Акылбек Жумабаев декларация толтурбаган чиновниктерге катуу чара көрүлөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG