Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

АКШнын Улуттук гвардиясынын башчысы Бишкекте


БИШКЕК. 11-майдан баштап АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын башчысы Рандалл Моузлинин Кыргызстандагы иш сапары башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын маалымат кызматынан билдиришти. Генерал-майор Моузли “Эдельвейс” жана “Кабылан” деген аталыштагы атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнүн машыгуулары өтчү жайларда болуп, Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев менен эки тараптуу аскерий кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул жолугушуу “Америкага көпүрө” жана “Тынчтык үчүн кызматташтык” программасынын алкагында уюштурулуп, аскер адистерин окутуу, биргелешкен аскерий машыгууну өткөрүү маселеси каралды. Ушул эле күнү Моузли Коргоо министринин орун басары Асылбек Ормокоев менен жолугушуп, эки тараптуу аскерий кызматташтык боюнча сүйлөшүштү.

XS
SM
MD
LG