Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Ф. Кулов: өлкөдөгү кырдаал оор


БИШКЕК. 11-майда Бишкектеги Тарых музейинде “Арнамыс” партиясынын 5-курултайы болуп өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 197 делегат катышты. Курултайда башка саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да болду. Партиянын төрагасы Феликс Кулов жыйында сүйлөп, өлкөдөгү саясий кырдаалга өзүнүн баасын берип, партиянын алдыда аткаруучу милдеттерине токтолду. Кулов өз сөзүндө 24-марттагы ыңкылаптан кийин өлкө жарандарынын коопсуздугу камсыз болбой жатканын белгиледи:

-Мен белгилеп кетким келет. Азыр өлкөдө жакшы эмес кырдаал түзүлүп турат. Учурда тартипти камсыз кылалбагандыктан, Жогорку соттун имаратын ээлеп алуу жана башка баш аламандыктардан чет элдик инвесторлор коркуп, Кыргызстандан кетүүгө жагдай түзүлдү. Мындай бийликке баш ийбеген кырдаал көпкө созулууга мүмкүн эмес. Мамлекетте тез аранын ичинде тартипти киргизүү зарыл,-

Ал партия мүчөлөрүн президенттик шайлоону адилет, калыс өткөрүүгө салым кошууга үндөдү. Делегаттар алдыда болуучу президенттик шайлоого Феликс Куловдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG