Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

ООГАНСТАНДА ПОЛИЦИЯ ДЕМОНСТРАНТТАРГА ОК АЧТЫ


Ооганстанда Америкалык тергөөчүлөрдүн Ыйык Куранды мазактаган аракеттерине каршы демонстрациялар уланууда. Шаршембиде Жалалабад шаарында 2 миңдей студенттердин жүрүшүнө АКШлык аскерлер колдогон ооган полициясы кол салып, кагылышууларда бир нече адам курман болуп, ондогон жаштар жараат алышты. Пакистан мусулмандардын ыйык китебин кордоо фактыларына байланыштуу кабатырлыгын билдирди.

«Америкага өлүм! Бушка өлүм! Мужахединдерге узун өмүр!» – деп кыйкырып жатышты Ооганстандын чыгыш тарабындагы Жалалабад шаарында өткөн демонстрациянын катышуучулары. 2000дей студент ал жерде АКШ президентинин сүрөттөрүн да өрттөп жатышты. Ооганстандагы соңку антиамерикалык жүрүштөр жакында АКШдагы «Ньюсуик» журналы Кубадагы Гуантанамо базасында америкалык тергөөчүлөр ооган туткундарынын күнөөсүн мойнуна алдырыш үчүн Куран китептерин дааратканаларга коюп, атүгүл сууга агызып жибергенин баяндаган макаласынан кийин башталды. Алгачкы күнү тынч тараган демонстрация шаршембиде Жалалабатта ири кагылышууга айланды. Шаардын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Фазел Мохаммад полиция менен тирешүүдөн төрт демонстрант мерт болуп, дагы ондогон жаштар жараат алганын билдирди. Алардын арасында ок тийип канжалап жаткандар да аз эмес. Албууттанган студенттер өкмөттүк имараттарга өрт коюп, дүкөндөрдү талап-тоноп, машинелерди талкалап, Улуттар уюму баш болгон эл аралык уюмдардын кеңселерине таш жаадырышты. Демонстрациянын катышуучусу, Жалалабаддык студент Ахмад Гүл кабарчыларга буларды айтты:

-Биз америкалыктардын Куранга каршы кыянатчылдыгына чыдай албайбыз. Бүткүл мусулмандар дүйнөсү эми Америка биздин динди сыйлабай турганын түшүндү. Мындан ары буга чыдабайбыз.


«Азаттыктын» ооган кызматынын кабарчылары Жалалабад шаарында кырдаал тынчып баратканын, бир нече имарат өрттөнүп жатканын маалымдашты. Бул окуялар маалында Брюсселде НАТОнун баш кеңсесинде пресс-конференцияда сүйлөгөн ооган президенти Хамид Карзай буларды билдирди :

-Бул Америкага каршы көрүнүш эмес. Бул – Гуантанамо базасында ыйык Куранды мазактоого каршы акция. Ошондой эле бул демократиянын үлгүсү. Ооганстан – демократиялуу өлкө, эл көчөгө чыгып, өз оюн ачык билдире алат.

Американын террорчулукка каршы күрөштөгү өнөктөшү Пакистан да «Ньюсуиктеги» макалага байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, Гуантанамодогу окуяларды иликтөөгө үндөдү.

Шейшембиде Пентагондо өткөн маалымат жыйынында АКШнын коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү Ларри Ди Рита журналисттердин Гуантанамодогу чырдуу окуя чынбы деген суроосун жоопсуз калтырды. Пентагондун Кабулдагы өкүлү Вашингтон бул окуяларды дыкат иликтөөгө алат деп ишендирди.

Анын айткандарын шаршембиде АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Том Касей бышыктады:

-Журналда жазылгандар албетте өтө олуттуу маселе, алар сөзсүз изилденет. Американын аскердик жетекчилиги, сиздер ушул окуядан кийин күбө болосуздар го, туткундардын диний укуктарын басмырлоо фактыларына өтө олуттуу мамиле жасайт. Кандай болбосун ыйык китепти булгагандын өзү, ал Инжил болобу, же Куран болобу, Американын саясатына карама-каршы көрүнүш экени талашсыз.

Ал тапта Ооганстандын Лахман жана Хост провинцияларында да эл тынч демонстрацияларга чогулуп жатканы кабарланууда. АКШнын Гуантанамо базасындагы аскердик абакта ушу тапта 500дөн ашуун туткун бар, алардын көбү «Ал-Каиданын» жана Талибан кыймылынын мүчөлөрү деп шектелип, Ооганстан менен Пакистандын аймагында туткундалган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG