Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

МОЛОТОВ-РИББЕНТРОП-ПУТИН ЖАНА БАЛТИКА БОЮНДАГЫ ӨЛКӨЛӨР


Муса Мураталиев, Москва Орусия менен Европалык Уюмдун саммити дүйшөмбү күнү Маскөөдө ишин аяктады. Ал жерде тараптар экономика, ички жана тышкы коопсуздук ошондой эле адамгерчилик багытта келишим түзүп, ага кол коюшуп таркашты. Жыйынтык маалыматы өтүп атканда орусиялык президент Владимир Путин Балтика боюндагы өлкөлөр журналисттери узаткан курч суроолорго жооп берди.

Евро Уюму менен Орусия жетекчилер олтуруму аяктаганда, алар маалымат таркатмак болуп, журналисттер алдына чыгышты. Ал жерде Балтика боюнда өлкөлөр чукулку тарыхындагы Мотлотов – Риббентроп пактысын Орусия президенти Владимир Путин бул маселе такталып болду, ага кайрылууну мындан ары коелу деп айтты. Кайсы бир тарыхчылар, ал жылы дал ошол орусиялык-алманиялык жашырын келишим негизинде Балтия боюнда өлкөлөр Советтер Союзунун карамагына өткөн дешет. Ал туурасында Экинчи дүйнөлүк согуштун ветераны, академик Андрей Сахаровдун жесири Елена Бонэр эскерет:

-Биз 1-сентябрь, 1939-жылы Балтика боюндагы өлкөлөр менен Польшны алганыбызды моюнга алмайын Экинчи дүйнөлүк согуш тамам болбойт шекилдүү. Балтика боюндагы өлкөлөр бизге өз эрки менен кошулган деген сөз тантырак кеп. Алар өздөрү каалап келбей эле биз аларды Алмания менен Советтер Союзунун ортосунда согуш чыкканга дейре эле басып алганбыз. Ал (элдердин – ММ) үчтөн бир бөлүгүн совет бийлиги Түндүк муз мухитиндеги аралга сүргүнгө айдаган. Алар кийин ошол жакта кырылган. Мен кийинки муундар тарбыя алуучу окуу китептерине чындыкты жазууларын каалайм.

Ал эми президент Путин айткан жооп совет бийлиги айткан кепти эске салды. Демите, омуроого сала сүйлөгөнү байкалып турду:

-Эгерде 1939-жылы эле Балтика боюндагы өлкөлөр СССР курамына кирсе, анда кайдан жүрүп биз аларды 1941-жылы басып алабыз? Алар ансыз эле Советтер Союзунун бөлүгү болуп атпайбы?

Жакында Латвиянын президенти Вайра Вике-Фрейберг ХХ кылымда «басып алуучулук» атануу пайда алып келбешин кыйыткан. Анализчилер болсо эгерде дүйнөлүк коомчулук Маскөөнү «басып алуучу» деген бүтүм чыгарса анда Орусия бийлиги бир учур басып алган элдерге ооз басырык төлөөгө мажбур болот дешет.

Орусиялык президент андан аркы кебинде мындай деди:

-Биз Эстония менен да, Латвия менен да чек ара боюнча келишим түзүүгө даярбыз. Алар, бирок, жер талашуу мүнөздөгү талаптарды жаратпайт деп үмүттөнөбүз.

Анализчилер айтканга караганда чегара боюнча орусиялык-эстониялык келишимге 18 майда кол коюу болот. Таллин буга дейре Ленинград, Псков обулустарынан жер талашып келаткан. Псков обулусунун Пытловский районун Латвия да жер талашып келет.

Маалымат таркатуу жыйынга катышкан эстониялык журналист орусиялык лидерге мындайча суроо жолдоду:

- Сизге эмне себептен «Басып алганыбыз, кечириңиздер!», - деп коюш кыйын?

Европалык уюм-орусиялык олтуруму төрт тармакта кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Ага «Төрт жол тоому» деп аталып: экономика, соода, эриндик, коопсуздук, адилеттүүлүк, тышкы саясат, илим, агартуу жана маданият боюнча алакада болуу камтылган дешүүдө
XS
SM
MD
LG