Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

САЯСИЙ КҮЧТӨР СОТ КРИЗИСИН ПАЙДАЛАНЫП ЖАТЫШАБЫ?


Жогорку сотко байланышкан жагдай кандай нукка түшөөрү аныктала элек. Айрыкча, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүү тууралуу мурда берген арызын кайра кайтарып алышы жагдайды ого бетер бүдөмүктөтүп койду. Мындай көз караштарды айрым байкоочулар Жогорку сот имаратынын 20 күндөн бери нааразы шайлоочулардын колунда экендиги, Соттордун курултайынын өтпөй калгандыгы менен да байланыштырып жатышат.

Жогорку соттун имаратын парламенттик шайлоого байланыштуу сот иштерин калыс эмес чечти деген шайлоочулар тобу 22-апрелде ээлеп алышкан.
Ал эми төрага Курманбек Осмонов кызматтан кетүү тууралуу арызын президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңешке 25-майда жолдогон. Жогорку Кеңеш арызды кароого айдын этегенде киришип, бирок кворум жок деген негиздеме менен 12-майга калтырган.

Парламент төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, эми Осмонов арызын кайтарып алган соң, бул маселени парламент карай албайт. Анткен менен Жогорку сот төрагасынын арызына байланышкан жаңы жагдайды саясатчылар ар кыл өңүттө талкуулап жатышат. Маселен, «Менин өлкөм» саясий партиясынын координаторлорунун бири Зайнидин Курмановдун пикирине караганда, сот кризиси кандай өңүттө чечилерин азыр эч ким билбейт. Анткени, жагдайды жөнгө салууга буга чейин өкмөттүн да, парламенттин да колу жеткен жок. Бул Осмоновдун арызды кайтарып алышын шарттады:

- Аракетин жасады. Арызын жазды, тапшырды. Эми Жогорку Кеңеш эки жума болуп кетти, такыр ал маселени чече албай жатышат. Кризисти эми өз колуна алды. Кандай болот, аны эч ким билбейт.

Курманбек Осмонов өзү болсо:

- Эми мен 100% кепилдик бере албайм. Бирок биз колдон келген аракеттин, күчтүн бардыгын жумшайбыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов Кризистин чечилишине Курманбек Осмоновдун ордуна кайтып келиши көмөк көрсөтөрүнө анча ишенбейт. Анын пикиринде кризистин башаты парламенттик шайлоо учурундагы соттордун натуура чечимдеринде турат. Буга байланышкан нааразылыктар төраганын кызматтан кетүү тууралуу арыз беришин шарттап отурат:

- Эми эмнеси болсо да эл ушунчалык кастарын тигип, нааразы болуп аткандан кийин жок дегенде бирөө-жарымы кетип, айланайындар момундай өзгөрүү болду, тынчтангыла дегенге негиз түзүлүш керек да. Анан кийин баарыбыз тең эле тырышып отуруп алсак, ар кимибиз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды көздөп, кызматыбыздан башка маанилүү эч нерсени көрбөй. Анан эл жүрө-жүрө Акүйдү басып алган деңгээлге кайра жетиши мүмкүн.

Бирок саясий чөйрөдө Жогорку соттун төрагасынын арыз бериши, аны кайра кайтарып алышы саясий күчтөрдүн кызыкчылыктары менен байланыштырылууда. Мындай божомолду «Азаттыкка» пикирин билдирген саясатчылар жокко чыгарышкан жок. Маселен, Зайнидин Курманов мындай пикирде:

- Ким билет, 75 адамдын артында ар кандай кызыкчылык бар.

Ал эми Байболовдун оюнда азыркы шартты тигил же бул саясий күчтөр сөзсүз пайдаланаары турган иш, бирок, ошол саясий оюнчулардын кол алдында оюнчук болуудан сак болуу керек:

- Мындай каршылашкан күчтөр азыр кандай мүмкүнчүлүк болсо да пайдаланууга аракет кылып жаткан учур. Менин баамдашымча дагы ошол каршылашкан күчтөрдүн таасири алдында арыз берилип, анан ага карама-каршы болгон күчтөрдүн таасири астында арыз кайра алынган сыяктуудай.

Курманбек Осмонов болсо тикелей өзүнүн арызына тигил же бул саясий күчтөр таасир этти деп эсептебейт, бирок сотту элге жаман көрсөтүү максатын көздөгөндөр бар дейт:

- Бизди өзүбүздүн элибизге душман кылгысы келген дагы бир саясий күчтөр бар экенин мен айтып коюшум керек ачык эле. Биз эч убакта өз элибизге душман эмеспиз. Мен ачык эле айтып коеюн. Мындан кийин биз кандайдыр бир мамлекеттик чиновниктердин басымы-кысымы менен эмес, элге ыктап, элдин кызыкчылыгын коргоп иштейбиз.

Бирок Осмоновдун мамлекеттик чиновниктер бут тосуп жатат деген пикирин ушул эле күнү президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов жокко чыгарды. Ал соттордун өздөрүнүн чечимдери элдин нааразылыгын, соттордун кызмат орундарына байланышкан талаптарын жаратууда дейт:

- Ишеним болбой жатат деген сөз эмне үчүн пайда болуп атат? Бир сот мындай чечет, экинчи сот тигиндей чечет, бирдиктүү сот практикасы жок деген түшүнүк болуп атат. Ошонун негизинде гана пайда болуп жаткан кризис болушу ыктымал.

Бирок өздөрүн бейтарап санаган саясатчылардын бир даары сотторду эл шайламайынча бул тармактагы жагдайды жөнгө салуу кыйын дешет. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков:

- Сот бийлигин эл шайлаган шартта сот эч кимге баш иймек эмес, ага жараша акыйкат чечимдер чыкмак, мыйзамдуулук орномок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG