Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН ЖУМУШЧУ ТОБУ ИШИН УЛАНТТЫ


11-майда Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу ишин улантып, Конституциянын сот бийлиги жөнүндөгү беренелерин өзгөртүү сунуштарын талкуулады.

Конституциялык кеңешменин 24 мүчөсүнөн турган жумушчу топтун бул күнкү жыйынына 19 адам катышты. Алар Конституциянын сот бийлигине байланыштуу 4 беренесин карады. Натыйжада, 58-беренеде «Жогорку cоттун төрагасы жана анын орун басарлары президенттин сунушу менен шайланат жана иштен алынат» деген жобону өзгөртүү чечимине келишти. Мындай өзгөртүүнү сунуш кылган Жогорку cоттун судьясы Айбек Давлетов анын максатын төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Бул кызматтагы адамдарды сот тармагынын өкүлдөрү өздөрү, тактап айтканда Жогорку cоттун пленуму тарабынан дайындалсын деген максат менен киргизилип жатат. Ушундай эле өзгөртүү жергиликтүү соттордун төрагасы менен анын орун басарларына да тиешелүү. Анткени, президент Жогорку Кеңешке талапкерлерди атайын кызмат ордун ээлөөчү адам катары эмес сот катары шайлоо үчүн гана сунуш кылуусу керек. Ал эми кайсы адам кандай кызматка татыктуу экендигин биз алдыда талкуулай турган сот органы чечиш керек. Биз ошондо сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кыла алабыз.

Бул сунуш добушка салынганда топтун 17 мүчөсү колдоду. Ал эми төрага менен анын орун басарлыгына татыктуу адамдар соттук кеңеш аркылуу тандалып, президентке көрсөтүлсүн деп сунушталды. Соттук кеңеш түзүү механизми болсо тиешелүү мыйзамга киргизилсин деген бүтүмгө келишти.

Мындан тышкары топ судьяларды ишке дайындоо гана эмес бошотуу да Жогорку Кеңештин макулдугу менен чечилсин деген жобону киргизүү сунушталды. Сунуш ээлеринин айтымында, мындай жобону киргизүү зарылдыгы жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген буйрукту аткарбай койгон көз карандысыз сотторду иштен кетүү арызын жазууга мажбурлоо көрүнүштөрүнөн улам пайда болду. Ал тууралуу Жогорку cоттун судьясы Нажимидин Азимжанов мындай пикирин билдирди:

-Судьяны шарт эле бошотуп жибербей, ал Жогорку Кеңешке келип арыз-арманын айтсын. Эгер Жогорку Кеңеш макулдугун бербей койсо, анда судья болуп кала берсин.

Ал эми топтун мүчөсү Шамарал Майчиев соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн эң ириде сот системасынын өз бюджетин түзүү жобосун киргизүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, сот бийлиги өзүнө керектүү каражатка ээ болуп, аны өз алдынча пайдаланмайын аткаруу бийлигине көз карандылык жоюлбайт.

Андан кийин 64-беренеге мыйзам чыгарууга Жогорку сот да укуктуу деген өзгөртүү киргизүү чечими кабылданды. 1993-жылдагы Конституциядагы бул жобо 2003-жылкы референдумда алынып салынган. Сунушка бир топ депутаттар жана башка мүчөлөр каршы болушту. Алардын бири, ишкер Эмил Үмөталиев анын жүйөөсүн мындайча түшүндүрдү:

-Мыйзамдарды мыйзам чыгаруучулар жасаш керек. Аткаруу бийлиги да мыйзам чыгарууга кийлигишпей, аны аткарууга тийиш. А сот бийлиги соттоого милдеттүү. Ал эми мыйзам чыгаруучу ыкмалар толтура.

Бирок Жогорку cоттун судьясы Нажимидин Азимжанов парламентарийлердин каршы пикирин:

-Парламентте мыйзам чыгаруу укугу бар, өкмөт да укуктуу. А эмне үчүн сот укуксуз? Бул бир, экинчиден, мыйзам чыгаруу демилгеси өзүнөн-өзү эле мыйзам болуп калбайт да! Парламент кабыл алгандан кийин гана мыйзам болот да! Биз демилге көтөрүп, долбоор жазып беребиз. Парламент кабыл алса алат, албаса жок. Биз мыйзамды өзүбүз кабыл алалы деп жаткан жерибиз жок. Кабыл алса алынат, алынбаса калат, ага биз таарынбайбыз.,- деп четке каккандан кийин сунуш добушка салынганда ал көпчүлүктүн колдоосун тапты.

Конституциянын сот бийлигине байланыштуу 80-беренесине да өзгөртүү киргизүү чечими кабылданды. Натыйжада, Конституциялык cоттун судьялыгына жалпы юридикалык 10 жылдык тажрыйбасы, Жогорку cоттун судьялыгына 5 жылдык судьялык тажрыйбасы бар адистер шайлансын деген жобо жактырылды.

Андан тышкары ушул берененин «Жогорку cоттун судьялыгына 35 жаштан кем эмес жана 70тен жогору эмес курактагы адамдар шайлана алат» деген жободон 35 жаштан кем эмес деген сөздөр алынды. Ага укук коргоочулардын жаш жагынан чектөө адам укугун басмырлоо болуп эсептелет жана андай жобону эл аралык укук нормасы талап кылат деген талаптары негиз болду. Алардын бири укук коргоочу Турсунбек Акун:

-Албетте, бул адам укугун коргоо талабына туура келбейт. Кээ бирөө 11-классты 13 жашында, институтту 20 жашында бүтөт. Анан 30 жашында 10 жылдык тажрыйба күтүп калса, дагы 5 жыл күтүп жүрө берсинби? А кээ бир адамдар 80 жашка чыкканга чейин деле күчтүү судья болот. 70ке чыктың эми өлө турган болуп калдың деп кетирип жиберелиби?,- деп каршы болду.

Мындан тышкары жергиликтүү соттордун судьялыгына биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, Жогорку соттун судьялыгына 15 жылдык мөөнөткө шайланат деген жобо жактырылды.

Жумушчу топ кабыл алган бул өзгөртүүлөр эми Конституциялык кеңешменин толук курамындагы жыйынында талкууланат.
XS
SM
MD
LG