Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

КЫРГЫЗСТАНДА ДИН ИШМЕРЛЕРИ САЯСАТКА КАНДАЙ КАТЫШАТ?


Кыргыз Республикасынын Конституциясында дин мамлекеттен бөлүнгөндүгү ачык жазылса да, айрыкча мусулман дин жетекчилери саясатка батыл аралашып, ар кандай коомдук окуяларга өз баасын берүү менен, үгүт иштерин да жүргүзүп келгендиги байкалган. Элдин бир даары анүчүн дин кызматкерлерин айыптаса, бир даары аны бийликтин кыстоосу катары кабылдашат.

Адегенде Бишкек шаар тургуну Сымбат Кожоеванын пикирин угуп көрөлү:

- Бийлик кийинки жылдары дин кызматкерлерин түздөн-түз эле саясатка аралаштырганы чындык. Атүгүл революциянын астында эле муфтий, молдолор Акаевдин бийлигин мактап-жактап жүрүшпөдүбү.

Сымбат Кожоеванын пикиринде кандайдыр бир жан бар экендигин Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов да кайсы бир өлчөмдө моюнга алат:

- Биринчиден, Акаевдин учурунда деле бизге кандай сураныч айтылса - биз эң оболу падышанын кызыкчылыгы үчүн эмес, диндин кызыкчылыгы үчүн ошол суранычты аткарчубуз. Мечиттерге жер берилип, дин эркин өнүгүп-өсүп жатканын сүйүнүү менен кабыл алып жүргөнбүз да. Бизди саясатка кийлигиштиргилери келген, бизди пайдалангылары келген учурда биз падышанын сөзү деп эле коргоп-жатып алган эмеспиз. Бирок, кээ бир кездерде мажбурлуктан, элдин тынчтыгы үчүн, исламга зыяны тийип калбоосу үчүн бийлик тараптын сөзүн сүйлөөгө туура келген.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын жетекчилиги өлкөдөгү ошол элдик ыңкылапты кандайча кабылдашкандыгын муфтий Мураталы ажы Жуманов төмөндөгүчө баяндады:

- Элдик ыңкылапты биз Кудай-тааланын буйругу деп кабыл алдык. Себеби, шариятта жакшылык ишти дагы, жамандык ишти дагы Жараткандын амири менен болду деп таануу – бул ыймандын бир бурчу деп айтылган. Экинчи маселе, ошол ыңкылапты жасаган, айрыкча аны жетектеген адамдар, жалпы эле Кыргызстан эли чоң сыноого тушукту деп кабылдадык. Ушул сыноодон кандай чыгат алар, бири менен бири кандай мамиледе болот? Кудай өзү сынап жаткан учур!

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова болсо мусулман дин кызматкерлеринин буга чейинки жана мындан кийинки саясатка аралашуусу жөнүндө мындайча оюн ортого салды:

- 20-март болсо керек эле, Бишкекте биздин митингдерге каршы митинг өткөрүшүп – Токон Шайлиеванын дежур салтын улап жатышканда, элди тынчтандырган дагы, капа кылган дагы ушул дин кызматкерлери болушту. Алар саясатка ачык эле катышып жатышты. Менимче, бул туура эмес жол. Муфтият да өздөрүнүн коомдогу ордун ойлонуп карап көрүшөөр. Саясатка алар киришпесе деген, конституциялык нормалар менен иштешсе деген каалообуз бар. Менимче, Акаевдин режими учурунда – ал өзү баштап ар кандай методдорду колдонуу менен, өз бийлигин сактап калууга аябай аракет кылышты, ошол жосундары өз башы менен кетсин! Эми акырын-акырын барып, дин иштери да өз нугуна түшөт ко.

Канткен менен март айында ишке ашырылган элдик ыңкылаптын өлкөдөгү дин ишмердүүлүгүнө тийгизер сабагы мол шекилдүү.
XS
SM
MD
LG